Difference between revisions of "«АЖАР» повести"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – кыргыз прозасындагы туңгуч по­весттердин бири; автору К. Баялинов. Повесть 1928‑ж. жарык көргөн. Башкы каарманы Ажар аттуу жөнөкөй кыргыз кызы. Өткөн к‑дын 20­ж‑нда татар, казак, өзбек ад‑ттарынын тааси ри астында жаңыдан калыптана баштаган кыр гыз жазма ад‑тындагы негизги темалардын бири болгон кыз‑келиндердин социал. жактан тең­сиз турмушу чагылдырылат. Башкы тема – кара күчкө каршы куралдуу айбат көрсөтөм деп бөөдө кыргынга учурап, өз жеринен, тынч турмушу­нан ажыраган, бөтөн эл, бөтөн жерде катуу жапа чеккен кыргыз элинин трагедиясы, б. а. 1916­жылдагы Улуу үркүндүн кейиштүү сүрөтү тар­тылат. Ажардын карышкырларга таланып өлүшү азаптуу замандын ага көрсөткөн жазасы эле. Ал кезде кыргыз эли дуушар болгон гено­цидцин (орус падышасынын тукумкурут кылуу саясатынын) эбегейсиз трагедиялуу окуялары көрсөтүлгөндүгү, нукура турмуштан алынган ка армандардын кайгылуу тагдырлары, азаптан күйгөн сезимдери жөнөкөй ж‑а жасалмасыз баяндалып берилгендиги м‑н айырмаланат. По весть англис, немец, француз, испан ж‑а орус тилдерине которулган.	И.	Жумабаев.