Difference between revisions of "АДЫЛ баатыр"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 Субан уулу, Адыл баатыр (болжолу 1815/20–1860) –19‑к‑дын орто ченинде­ги түндүк кыргыз урууларынын саясий чөйрө­сүндөгү таасирдүү инсан; баатыр. Атасы Субан Ныязбек уулу атактуу «Ныязбектин сегиз беги­нин» бири болгон. А. Ормон ханда аскер баш­чысы катары кызмат кылып, баатыр атка кон­гон. 1847‑ж. Кенесары Касым уулунун баскын­чылык м‑н келген колуна каршы согушта көр­сөткөн эрдиктери м‑н белгилүү болгон. 1855– 59‑ж. бугу м‑н сарыбагыш урууларынын чабы­шына катышкан. Орус бийлигине моюн сунба­гандыктан 1860‑жылдын жазында Ысык‑Көлгө келген капитан Венюковдун жазалоочу кошуу­ну тарабынан Ысык‑Көлдүн күнгөйүндө туткун­далып, Верный чебине камалган, ошол жерде өлгөн. Сөөгү Ат‑Башыдагы Кара‑Коюн деген жерге коюлуп, күмбөз тургузулган.
Р. Жолдошов.