Difference between revisions of "АДРИЯ ДЕҢИЗИ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– Жер Ортолук деңизинин бир бөлүгү. Апеннин ж‑а Балкан ж. а‑нын аралыгында. Италия, Словения, Хорватия, Босния ж‑а Герцеговина, Черногория, Албаниянын жээктерин чулгайт. Түштүгүндө Отранто кысыгы аркылуу Иония деңизи м‑н туташат. Аянты 144 миң км2. Эң терең жери 1230 м. Чыгыш жээгине жакын Далмация аралдары жайгаш кан. Батыш жээги негизинен ойдуңдуу, чы гыш жээги тоолуу. Ири булуңдары: Венеция, Триест. Суунун темп‑расы августта 24°Сден 26°Сге, февралда 7°Сден 13°Сге чейин. Туздуулугу 35тен 38%оге чейин. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийикт. 1,2 м). Балык (сардина, скумбрия) кармалат. Шельфтеринен нефть ж‑а газ алынат. Башкы порттору: Триест, Венеция (Италия), Риека, Сплит, Дубровкин, Котор (Чер ногория), Дуррес, Влера (Албания).