Difference between revisions of "АДМИНИСТРАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 (лат. Administratio – баш­каруу, жетекчилик) – ишканалардын, мекеме­лердин же уюмдардын, б. а. мамл. органдар­дын же коомдук уюмдардын башында туруп, күндөлүк башкаруу ишин алып баруучу жетек­чилер. А.: 1) кеңири маанисинде – мамлекет­тин иштерин жүзөгө ашыруучу органдардын, ат­каруу бийлигинин жогорку жетекчилик орган­дарынын жыйындысы; 2) кызмат ордундагы адамдар, кандайдыр бир мекеменин, ишкана­нын жетектөөчү персоналдары; 3) бир катар пре­зиденттик респ‑ларда мамлекет башчысынын алдындагы министрлер кабинетинин аталышы. КРде мамл. масштабда ж‑а обл., райондук дең гээлде аткаруу иштерин жүзөгө ашыруучу мамл. бийлик органдары. Алардын милдеттери, укук тары респ. мыйзам актылары м‑н аныкталат.

К. А. Тостокова.