Difference between revisions of "АДИСТИК БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ТОПТОМ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– мугалимдин предмет б‑ча адистик теор. билимин, методикалык чеберчилигин, тарбиялык иштерди жүргүзүү деңгээлин жогорулатууга багыт берүү максатында түзүлүүчү окуу адабияты. Булардын биринчи тобуна – мугалимдин өзү сабак берген илимдин тигил же бул проблемалары б‑ча теор. даярдык деңгээлин көтөрүүчү ил. теориялар, мыйзамдар, концеп циялар, гипотезалар, методдор б‑ча түшүнүктөр камтылуучу адабияттар; экинчи тобуна – кайсы бир окуу предмети б‑ча билим берүүнүн жал пы проблемаларын ж‑а анын мазмунун, окутуу методдорун, принциптерин, класстык ж‑а класстан тышкаркы окууларды уюштуруу формаларын, жолдорун камтыган адабияттар кирет. Алардын максаты – мугалимдин сабак берүү чеберчилигинин деңгээлин көтөрүү. Үчүнчү топ ко – айрым алынган предметтер б‑ча программалык материалдарды окутуу б‑ча конкреттүү сунуштарды камтыган, жалпы проблемаларды конкреттүү темалардын, сабактардын негизинде чечүүнүн методикалык жол‑жоболору б‑ча мугалимди куралдандыруу максатын көздөгөн окуу адабияттары кирет. Окуу топтомунун төртүнчү тобу кайсы бир предмет б‑ча окуучулардын жалпы таанып‑билүү ж‑а таалим‑тарбия берүү проблемаларына, идеялык, патриоттук, интернационалдык, эстетикалык, экон., экол. ж. б. маселелерге арналса, бешинчи тобу сабактан тышкаркы лабор.-изилдөө иштерин, факультативдерди, окуу экскурсияларын уюштурууга арналат. Ал эми окуу хрестоматиялары, маалымат берүүчү сөздүктөр, таблицалар, көнүгүүлөр топтомдору, маселелер ж‑а текшерүү иштеринин, баяндама ж‑а дилбаяндардын (со чинениелердин), тексттердин жыйнактары ме тодикалык топтомдордун алтынчы тобуна ки рет. Аларды түрлөрүнө жараша: методикалык куралдар, дидактикалык материалдар, маалы мат берүүчү көрсөтмө куралдар, таратып берүүчү материалдар, алдыңкы тажрыйбалардын топ томдору, сөздүктөр ж. б. деп бөлсө болот.
И. Бекбоев.