Difference between revisions of "АДАМКАЛЫЙ Байбатыров"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 Байбатыров (1895, Чүй обл., Кант р‑ну, Ат‑Башы айылы – 1953, Фрунзе ш.) – бел гилүү кыргыз өнөрпозу, туңгуч куурчак оюнчу­су, темир комузчу, имитатор (тууроочу), Кыр гыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1941). А. 1925‑30­ж. айылдык советтин төрагасы, 1931‑ж. Кыр гыз мамл. театрынын артисти, 1937‑ж. Кыргыз мамл. филармониясынын солисти болуп иште­ген. Жаш кезинде орус байларында малай жүрүп, балалайка м‑н кыякты үйрөнгөн. Ал чебер ко музчу, оозкомуздун мыкты устаты болгон. Окт. рев‑ясына чейин эле (1912) куурчак оюнун көр­сөтө баштаган. 1918‑21‑ж. Кызыл Армиянын ка­тарында кызмат өтөп, кайтып келгенден кийин (1921‑25) Чүй, Ысык‑Көл, Нарын өрөөндөрүндө «Куурчак катын Куртунай», «Теке сүзгөн келин», «Жарын тапты» сыяктуу кыска куурчак спек­таклдерин көрсөтөт. Ал чебер темир комузчу катарында «Күйгөн», «Күңөтай», «Кыздар ай» ат­туу обондорду, «Тагылдыр тоо», «Турумтай», «Булбул», «Карача‑торгой», «Көк музоо», «Чоор күүсү», «Арман күү» деген күүлөрдү аткарган. А. туңгуч темир комузчулар ансамблин (1939) түзгөн.

Ад.: КумүшалиевК., АлагушовБ. Адамкалый. «Ала­Тоо». 1969, № 11.