Difference between revisions of "АВТОМАТТЫК ЖӨНДӨӨ"
v1e2_72-116>Kadyrm |
v1e2_72-116>Kadyrm |
(Айырма жок)
|
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ технол. процессти мүнөздөөчү берилген чоӊдукту өзгөртпөй кармап туруу же аны адамдын түздөн-түз катышуусу
суз белгилүү закон б-ча өзгөртүү жолу. А. ж. жөндөлүүчү объектинин абалын өлчөп, анын жөндөөчү бөлүгүнө таасир берүү м-н жүргүзүлөт. Бул үчүн жөндөлө турган орнотмого жөндөгүч туташтырылат. А. ж-нүн негизги принципте ри: а) кыйшаюу б-ча жөндөө (Ползунов ‒ Уатт принциби); б) жүк б-ча жөндөө (Понселе принциби); в) айкалыштырылган жөндөө. Жөндөгүч түн жөндөөчү бөлүккө тийгизүүчү таасиринин кириш чоӊдуктарына көз карандылыгынын матем. жазылышы жөндөөнүн закону же алгорит ми деп аталат. Жөндөө системасынын калыптанган кыймыл ж-а өтмө процесс деген негизги эки режими бар. Эгер жөндөгүчтүн жөндөөчү бөлүккө таасири кыйшаюуга гана көз каранды болсо, жөндөлүүчү чоӊдук жүккө көз каранды болот. Мындай системада дайыма статикалык ката кетет. Бирок ар түрдүү байланыштардын жардамы м-н статикалык катасы жок жөндөө системасын да түзүүгө болот. Алгачкы жөндөгүч төрдүн өлчөгүч бөлүктөрү жөндөөчү бөлүккө таасир бере тургандай кылып жасалган ж-а түз аракеттүү деп аталып, кубаттуу машинелерде колдонулган. Кийин кыйыр аракеттүү, релелүү терс байланышы бар жөндөгүчтөр чыгарылды. Андан соӊ реле байланышы үзгүлтүксүз дифференциалдык байланыш м-н алмашылды. Мындай терс байланышы бар жөндөө и з о д р о м- д у к жөндөө деп аталып, өнөр жайда кеӊири таралган. Жөндөгүчтөрдө электр элементтери нин колдонулушу жөндөөнүн алгоритмдерин жакшыртып, импульстук ж-а релелүү жөндөөнү өркүндөттү. Чөйрөнүн өзгөрүшүнө ылайыктал ган өзү күүлөнүүчү А. ж. системалары (экстремалдуу жөндөгүчтөр) пайда болду.