Difference between revisions of "БАДАМ СЫМАЛ БЕЗ"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''БАДАМ СЫМАЛ БЕЗ''' ‒ лимфа системасынын органы. Ооз көӊдөйү м-н кулкунда жайгашкан. Ал организмди оорутуучу микроорганизмден коргоого ж-а иммунитет пайда кылууга катышат. Анын эӊ ириси ‒ таӊдай бездери. Оозду чоӊ ачканда кичине тилдин эки жагынан көрүнөт. Анда микробдор көп чогулат, сезгенгенде былжыр челдин сыйрылган клеткаларынан, ак кан денечелер ‒ лейкоциттерден ж-а тамак-аштын майда бөлүкчөлөрүнөн пайда болгон кебер каптайт, к. ''Ангина''. Таӊдай безинин өнөкөт сезгенүүсүндө анын коргоо функциясы бузулуп, организм үчүн коркунучтуу ириӊдетүүчү микробдун чордонуна айланат. Бул учурда жакшылап дарылоо керек; операция жасоону организмдин жеке өзгөчөлүгүнө жараша дарыгер чечет.<br> |
13:11, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
БАДАМ СЫМАЛ БЕЗ ‒ лимфа системасынын органы. Ооз көӊдөйү м-н кулкунда жайгашкан. Ал организмди оорутуучу микроорганизмден коргоого ж-а иммунитет пайда кылууга катышат. Анын эӊ ириси ‒ таӊдай бездери. Оозду чоӊ ачканда кичине тилдин эки жагынан көрүнөт. Анда микробдор көп чогулат, сезгенгенде былжыр челдин сыйрылган клеткаларынан, ак кан денечелер ‒ лейкоциттерден ж-а тамак-аштын майда бөлүкчөлөрүнөн пайда болгон кебер каптайт, к. Ангина. Таӊдай безинин өнөкөт сезгенүүсүндө анын коргоо функциясы бузулуп, организм үчүн коркунучтуу ириӊдетүүчү микробдун чордонуна айланат. Бул учурда жакшылап дарылоо керек; операция жасоону организмдин жеке өзгөчөлүгүнө жараша дарыгер чечет.