Difference between revisions of "АБДУЛ-ХАМИД"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
   II (21. 9. 1842, Осмон империясы, Стамбул, Топкапы – 10. 2. 1918, Бейлербейн, сөөгү Стамбулдагы Мехмед IIнин мавзолейине коюлган) – Осмон империясынын султаны (1876–1909); империянын акыркы башкаруучусу. А.-Х. мамлекеттин бирдиктүүлүгүн сактоого күч жумшап, мамлекеттин ички иштерине чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүн чектөөгө аракеттенген, ошол доордогу өтө күчтүү ж-а чебер саясатчы катары белгилүү. Ал 1876-ж. конституцияны жарыялоого ж-а парламентке шайлоолорду өткөрүү тууралуу убадасы м-н «Жаңы осмондор» кыймылынын лидерлери тарабынан такка олтурган. Алгач бул шарттарды ишке ашырган А.-Х. кийинчерээк 1876–78-ж. орус-түрк согушунун кыйынчылыктарынан пайдаланып, парламентти тараткан ж-а 1876-ж. конституциялык иш-аракеттерди токтоткон. Замандаштары анын башкаруу мезгилин «зулум доор» деп аташкан. А.-Х. майда улуттардын ж-а дин өкүлдөрүнүн өз кызыкчылыгын сактоого умтулган кыймылдарын аёосуз баскан. Мис., армян улуттук уюмдарынын өз элинин укуктарын сактоого умтулган иш-аракеттерине жооп кылып, бийлик тарабынан Сасун, Стамбул ж. б. шаарларда талоондор уюштурулган. Саясатта панисламизм доктринасын колдонуп, бардык мусулмандарды, а. и. чет жерликтерди да бириктирүүнү көздөгөн. Анын пикири б-ча, бул иш-чаралар империянын бүлүнүүсүн токтотуп, о. эле дүйнөдөгү улуу державалардын диктатына каршы турууга шарт түзгөн. А.-Х-дин Германиянын кайзери Виль гельм II м-н өз ара мамиле түзүшүнүн натыйжасында 1890-ж. герман-түрк соода келишими түзүлгөн ж-а немец банкына Багдад темир жолун курууга концессия берилген. 1890-жылдын аяк ченинен оппозициянын өкүлдөрү, жаш түрктөр кыймылынын нааразылык көрсөтүүлөрү күчөп, 1908-ж. аскердик бөлүктөрдө алардын таасири алдында конституциялык тартипти калыбына келтирүүнү ж-а парламент чакырууну талап кылган массалык чыгуулар башталган. 1908-ж. 24-июлда А.-Х. бул шарттарды аткарууга аргасыз болот. 1909-ж. 13-апрелде жаш түрктөрдүн каршылаштары А.-Х-дин макулдугу м-н Стамбул гарнизонунда аскерлердин козголоңун баштаган. Эки жумадан кийин алардын козголоңу басылып, 27-апрелде парламент тарабынан А.-Х-ди бийликтен четтетүү туура луу чечим кабыл алынган.<br>
   II (21. 9. 1842, Осмон империясы, Стамбул, Топкапы – 10. 2. 1918, Бейлербейн, сөөгү Стамбулдагы Мехмед IIнин мавзолейине коюлган) – Осмон империясынын султаны (1876–1909); империянын акыркы башкаруучусу. А.-Х. мамлекеттин бирдиктүүлүгүн сактоого күч жумшап, мамлекеттин ички иштерине чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүн чектөөгө аракеттенген, ошол доордогу өтө күчтүү ж-а чебер саясатчы катары белгилүү. Ал 1876-ж. конституцияны жарыялоого ж-а парламентке шайлоолорду өткөрүү тууралуу убадасы м-н «Жаңы осмондор» кыймылынын лидерлери тарабынан такка олтурган. Алгач бул шарттарды ишке ашырган А.-Х. кийинчерээк 1876–78-ж. орус-түрк согушунун кыйынчылыктарынан пайдаланып, парламентти тараткан ж-а 1876-ж. конституциялык иш-аракеттерди токтоткон. Замандаштары анын башкаруу мезгилин «зулум доор» деп аташкан. А.-Х. майда улуттардын ж-а дин өкүлдөрүнүн өз кызыкчылыгын сактоого умтулган кыймылдарын аёосуз баскан. Мис., армян улуттук уюмдарынын өз элинин укуктарын сактоого умтулган иш-аракеттерине жооп кылып, бийлик тарабынан Сасун, Стамбул ж. б. шаарларда талоондор уюштурулган. Саясатта панисламизм доктринасын колдонуп, бардык мусулмандарды, а. и. чет жерликтерди да бириктирүүнү көздөгөн. Анын пикири б-ча, бул иш-чаралар империянын бүлүнүүсүн токтотуп, о. эле дүйнөдөгү улуу державалардын диктатына каршы турууга шарт түзгөн. А.-Х-дин Германиянын кайзери Вильгельм II м-н өз ара мамиле түзүшүнүн натыйжасында 1890-ж. герман-түрк соода келишими түзүлгөн ж-а немец банкына Багдад темир жолун курууга концессия берилген. 1890-жылдын аяк ченинен оппозициянын өкүлдөрү, жаш түрктөр кыймылынын нааразылык көрсөтүүлөрү күчөп, 1908-ж. аскердик бөлүктөрдө алардын таасири алдында конституциялык тартипти калыбына келтирүүнү ж-а парламент чакырууну талап кылган массалык чыгуулар башталган. 1908-ж. 24-июлда А.-Х. бул шарттарды аткарууга аргасыз болот. 1909-ж. 13-апрелде жаш түрктөрдүн каршылаштары А.-Х-дин макулдугу м-н Стамбул гарнизонунда аскерлердин козголоңун баштаган. Эки жумадан кийин алардын козголоңу басылып, 27-апрелде парламент тарабынан А.-Х-ди бийликтен четтетүү туура луу чечим кабыл алынган.<br>

12:23, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 II (21. 9. 1842, Осмон империясы, Стамбул, Топкапы – 10. 2. 1918, Бейлербейн, сөөгү Стамбулдагы Мехмед IIнин мавзолейине коюлган) – Осмон империясынын султаны (1876–1909); империянын акыркы башкаруучусу. А.-Х. мамлекеттин бирдиктүүлүгүн сактоого күч жумшап, мамлекеттин ички иштерине чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүн чектөөгө аракеттенген, ошол доордогу өтө күчтүү ж-а чебер саясатчы катары белгилүү. Ал 1876-ж. конституцияны жарыялоого ж-а парламентке шайлоолорду өткөрүү тууралуу убадасы м-н «Жаңы осмондор» кыймылынын лидерлери тарабынан такка олтурган. Алгач бул шарттарды ишке ашырган А.-Х. кийинчерээк 1876–78-ж. орус-түрк согушунун кыйынчылыктарынан пайдаланып, парламентти тараткан ж-а 1876-ж. конституциялык иш-аракеттерди токтоткон. Замандаштары анын башкаруу мезгилин «зулум доор» деп аташкан. А.-Х. майда улуттардын ж-а дин өкүлдөрүнүн өз кызыкчылыгын сактоого умтулган кыймылдарын аёосуз баскан. Мис., армян улуттук уюмдарынын өз элинин укуктарын сактоого умтулган иш-аракеттерине жооп кылып, бийлик тарабынан Сасун, Стамбул ж. б. шаарларда талоондор уюштурулган. Саясатта панисламизм доктринасын колдонуп, бардык мусулмандарды, а. и. чет жерликтерди да бириктирүүнү көздөгөн. Анын пикири б-ча, бул иш-чаралар империянын бүлүнүүсүн токтотуп, о. эле дүйнөдөгү улуу державалардын диктатына каршы турууга шарт түзгөн. А.-Х-дин Германиянын кайзери Вильгельм II м-н өз ара мамиле түзүшүнүн натыйжасында 1890-ж. герман-түрк соода келишими түзүлгөн ж-а немец банкына Багдад темир жолун курууга концессия берилген. 1890-жылдын аяк ченинен оппозициянын өкүлдөрү, жаш түрктөр кыймылынын нааразылык көрсөтүүлөрү күчөп, 1908-ж. аскердик бөлүктөрдө алардын таасири алдында конституциялык тартипти калыбына келтирүүнү ж-а парламент чакырууну талап кылган массалык чыгуулар башталган. 1908-ж. 24-июлда А.-Х. бул шарттарды аткарууга аргасыз болот. 1909-ж. 13-апрелде жаш түрктөрдүн каршылаштары А.-Х-дин макулдугу м-н Стамбул гарнизонунда аскерлердин козголоңун баштаган. Эки жумадан кийин алардын козголоңу басылып, 27-апрелде парламент тарабынан А.-Х-ди бийликтен четтетүү туура луу чечим кабыл алынган.