Difference between revisions of "АВАРЛЫКТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 (өздөрүн маарулал дешет) – Дагстандын жерг. калкы. Жалпы саны 1 млн киши, анын 850 миңи Дагстанда (2010). А. Чыгыш Грузия, Түн. Азербайжан, Россиянын Түндүк Кавказ аймагы ж-а Түркияда жашашат. Авар
АВАРЛЫКТАР69.png

тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-суннит. А-дын азыркы аймагында б. з. ч. 1-миң жылдыктын экинчи жарымында жашаган лег, гел, каспи, ути ж. б. уруулар авар элинин этностук негизин түзгөн. 20-к-дын башында батыш Дагстандагы тили, мад-ты, үрп-адаты тектеш андоцез ж-а арчын элдери кошулган. 1959-жылдагы эл каттоодо өздөрүн А. деп аташкан. Алар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, багбанчылык м-н кесиптенишип, тоонун түбүнө таш м-н тирештире салынган кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Көбүнчө бир үйдүн чатырын экинчиси короо катары

Аварлыктар жашаган Камелух кыштагы.

пайдаланган, ар бир кабатында өзүнчө эшиктери бар, мунаралуу үй-сепилдер болгон. Эркектер ту ника сыяктуу көйнөк, бешмант, черкеска, папах, башлых, тон, бурка, кайыш кур, кийиз же булгаарыдан бут кийим; аялдар жеңдүү узун көй нөк, ыштан, башына чокто (аялдардын кеп такыяга окшогон баш кийими), саймаланган, күмүш м-н кооздолгон кийимдерди кийишкен. Негизинен сүт, эт азыктарын ж-а камырдан жасалган тамак,
о. эле түрдүү татымалдарды пайдаланышат.