Difference between revisions of "АВАНТЮРИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 (фр. aventure – окуя, тобокелчилик) – оңой ийгилик, жеңил пайда табуу максатында жасалган эссиз тобокелчил ж-а акылга сыйбас иш-аракеттер м-н коштолгон ойлом же жүрүм-турум ыкмасы, саясий чөйрөдөгү опурталдуу ишмердүүлүк. А. компетенттүү эместиктен, конкреттүү жагдайды ж-а саясий күчтөрдүн

алакасын тоотпостуктан, аларды этибарга албастыктан, коомдук өнүгүүнүн объективдүү логикасына, ил. бааларга ж-а болжоолорго кайдыгер мамиле жасоодон пайда болот. Саясий А. башаламан, стихиялуу мүнөздөгү саясий процесстердин алдында түптөлөт да, эреже катары, саясий бийликтин кулоосу м-н аяктап, саясий кырсыктарга, кризистерге алып келип, оор материалдык ж-а соц. кесепеттер, жоготуулар м-н коштолот. Саясий А. бийликтен кетип жат кан же мыйзамдуу демокр. жол м-н бийликке келүүгө толук ишеничи жок топтордун аракеттерине мүнөздүү. Эптеп болсо да бийликти колдон чыгарбай кармап калуу, кандай жол м-н болсо да бийликти басып алуу – А. үчүн башкы нерсе. Авантюристтер жетекчиликке алган нерсе – эң башкысы күрөштү баштоо, ал эми ары жагы аларды кызыктырбайт. Негиздүү, иштелип чыккан идеялардын ж-а өнүгүү программалардын болушу, калктын көпчүлүгү тарабынан колдоого ээ болушу - мааниге ээ эмес. Эреже катары, А-дин кесепеттери эл үчүн өтө оор бо лот ж-а ал кесепеттер үчүн жоопкерчиликти А. эч качан өз моюндарына алышпайт.
М. Т. Артыкбаев, Р. У. Амираев.