Difference between revisions of "АВГУСТИН Аврелий"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:25, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 Аврелий (13. 1. 354 – 28. 8. 430) – христианчылыкта теологиялык - филос. ж-а саясий-социол. доктринаны иштеп чыккандардын башкы өкүлү, Түн. Африкадагы Гиппон ш-нын епископу. А. Кудайдын бар экенин онтологиялык жактан далилдөөгө аракеттенген. А-дин пикири б-ча өзүн өзү эң жогорку деңгээлде ар тараптан жакшыртып жаралган жан (жандык, Кудай) адам аң-сезиминде эле эмес, бүткүл болмушта жашайт. Ал «Ачык сырлар» китебинде инсанды бул дүйнөдөгү күнөөкөр жашоодон ж-а тиги дүйнөдө жазалоодон куткаруу үчүн кудайдын жакшылыгы зарыл дейт. Жакшылык, ыракат адамга чындыкты берет, ага ал өзүн өзү түшүнүү ж-а талыкпаган рухий мээнет

м-н гана жетишет. Адамдын рух дүйнөсүндө бекем орун алган бул чындык адамды Кудайга алып барат. А. б-ча адам баласынын бири-бирине карама-каршы турган эки: жер дүйнөсү, кудай дүйнөсү бар. Кудай дүйнөсүн чиркөө, жер дүйнөсүн азезил (шайтан) элестетет. Чиркөөнүн милдети – азезил дүйнөсүн жеңип, адамзатты чыныгы ишенимге бурууда турат.

Т. Эсенгелдиев.

АВДИЙ (евр. Обадия – Кудайдын кызматкери) – 12 кенже пайгамбардын бири; Авдий ат туу библия китебинин автору. Болжол м-н
б. з. ч. 6–5-к-да жашап өткөн. А. китеби пайгамбар Иереминин китебине окшошурак ж-а майдаланып бөлүктөргө ажырайт: туугандарды өлтүргөн араздыгын туудурган Едомдун айбын ачуу ж-а анын соттолушу; Едомду адилеттүү жазалоо; Кудайдын күнү ж-а бардык элдердин үстүнөн Кудай сотунун жүрүшү. А. Израилдин Ыйык жерди бийлөөсү калыбына келтирерлигин ж-а ал жер Кудайдын кудуретинин болочок бейнеси болот деген. А. мындай деп белгилеп кеткен: эл дердин келечеги боло турганы алардын ыймандык абалына жараша болот. А-ди эскерүү күнү православиелик чиркөө Улуу посттун биринчи жумасы 19-ноябрда (2-декабрда) белгиленет.