Difference between revisions of "АБШЫР КӨМҮР КЕНИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Абшыр суусунун боюнда. Кызыл-Кыя ш-нан 28 км чыгыш тарапта. Кен 1934-жылдан

белгилүү. Көмүр казып алуу 1967-ж. башталган. Көмүр кабаттары юра катмарынын төмөнкү бөлүгү м-н байланышкан. Структуралык түзүлүшү б-ча кен Абшыр-Карьердик, Түн. Абшыр, Чыгыш Абшыр деп үч бөлүккө бөлүнөт. Кабаттардын орт. калыңдыгы 6,78 мден 17,90 мге чейин өзгөрөт. Сапаты б-ча көмүр ЗБ маркасына таандык, орт. күлдүүлүгү 19,48%, орт. күйүү жылуулугу 6515 ккал/кг түзөт. 1997-ж. карата Абшыр-Карьердик участогунун калган запасы 1548 миң т.