Difference between revisions of "АБУ-ДАБИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:25, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

, Абу-Заби – Бириккен Араб Эмирликтери мамлекетинин борбор шаары ж-а Абу-Даби эмирлигинин адм. борбору. Калкы 921 миң (2014). Перс булуңунун жээгинде, анча чоң эмес аралда жайгашкан. Материк м-н эки көпүрө аркылуу байланышат. Жасалма терең гавандагы порт (Порт-Саид, жылына 4 млн m жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. 1760-ж. негизделген. Шаар жасалма жашылдандырылган жерлери м-н айырмаланат. Байыр кы курулуштар – Ак форт сарайында (аль-Хасн сарайы, 1793) Эмирликтин ислам тарыхын ж-а документациясын изилдөөчү Борбор жайгаш кан. Ири нефть, газ казып алуучу региондун адм., финансы, транспорт ж-а коммерция бор бору. Нефтинин бир аз бөлүгү порт аркылуу экспорттолот. Нефть-хим. комплекси, болот куурлары ж-а цемент өндүрүшү, эл аралык фонд, финансы фьючерс, товар биржалары, клиринг палатасы, банктар (а. и. Абу-Даби улуттук банк) ж. б. бар.