Difference between revisions of "АБИССАЛЬ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 (фр. abyssal, лат. abyssus – түпсүз), абиссаль зонасы – океан-деңиз түбүнүн эң терең (2 кмден төмөн) зонасы. Аянты 305 млн км2 (Дүйнөлүк океандын 85%, Жер шарынын 60% аянтын ээлейт). Океан таманынын 6000 мден терең жерлери ультраабиссаль зоналары катары бөлүнөт. Таманынын басымдуу бөлүгүн жайпак же дөбөлүү абиссаль туздуктөру, о. эле океан ортолук кырка тоолор, платолор, жанар тоо курулуштары түзөт. А. зонасында суу тынчыраак абалда, суусунун темпрасы 0,7–2°С болуп, туздуулугу (34,8±0,2%)

ж-а тыгыздыгы дайыма туруктуу. Күн нуру жетпейт, басымы тереңдикке жараша (2–11) –107 Па, кычкылтектин орт. өлчөмү 1 лде 4–6 см2 болот. Деңиздин мындай түпкүрүн органогендүү же ми нералдуу заттардан пайда болгон тунма ылай каптал жатат (к. Абиссаль чөкмөлөру). Фотосинтездөөчү организмдер А. зонасында болбойт; микроорганизмдерден гетеротрофтуу ж-а хемосинтездөөчү бактериялар ж-а козу карындар учурайт. Жогорку басымга ж-а азык ресурстарынын аздыгына байланыштуу фаунага жарды. Жаныбарлар 2500–3000 м терендикте гидротерм суулары чыккан жерлерде («тиричилик оазиси») арбын жашайт. Тереңдикте ысык булактарга жакын ысыкка чыдамдуу организмдер жашап, алар 113°С темп-рада көбөйө алат. Деңиз өсүм дүктөр дүйнөсүнө бактериялардын айрым түрлөрү, сапрофит балырлары, сабактуу лилия, голотурия, моллюска ж. б. кирет. Жаныбарлары сокур же көздөрү өтө чоң болот. Алардын көбү өздөрүнөн нур чыгарып, жаркырап жүрүшөт.
Ад.: Богданов Ю. А, Каплин П. А, Николаев С. Д. Происхождение и развитие океана. М., 1978; Физи ческая география Мирового океана / отв. ред. К. К. Мар кова, Л., 1980; Ананьев Г. С., Леонтьев О. К. Гео морфология материков и океанов. М., 1987; Залогин Б. С., Косарев А Н. Моря. М., 1999.