Difference between revisions of "АВИАЛАЙНЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:52, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

– жүргүнчүлөрдү ташуучу ири самолёт. Үзгүлтүксүз ж-а чартердик каттамдарда учат. Аба транспорттук тейлөө кызматы би-
«Боинг-767» авиалайнеры.

ринчи дүйнөлүк согуштан кийин башталган. Ал гачкы А. катары аскердик самолёт колдонулуп келсе, 1930-жылдардын башынан Европа, Аме рика авиакаттамдарында атайын жасалган, ыңгайлуу самолёттор каттай баштайт. Азыр 500 орундуу реактивдүү А-лер бар. Алгачкы реактивдүү А-лер Ту-104, «Комет», «Боинг» 1950жылдарда турбореактивдүү «Боинг-747», Ил-62 1970-жылдарда, үн ылдамдыгынан тез учуучу Ту-144, «Конкорд» A-и 1976-жылдарда ишке киргизилген. Бул кенен фюзеляждуу самолёттор– акыркы жетишкен ийгиликтер.