Difference between revisions of "АБЫЛКАСЫМОВА Майрамкан"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 Майрамкан (7. 11. 1936-ж. т., Чүй обл., Кемин р-ну, Кызыл-Суу айылы) акын, Кыргыз эл акыны (1980), Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйл. (1970) ж-а Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. (1984) лау

реаты. В. В. Маяковский атн. кыз-келиндер пед. ин-тунун филология ф-тин бүтүргөн (1958). 1962-ж. чейин Ош ш-ндагы обл. «Ленин жолу» гезитинде ж-а Ош пед. ин-тунда иштеген. «АлаТоо» журналында адабий кызматкер, «Поэзия» бөлүмүнүн башчысы (1960-91), «Аялзат» гезитинде Башкы редактор, Кырг-н ЖСнун Ысык-Көл обл. б-ча адабий консультанты болгон. 1995-жылдан «Курманжан датка» фондунун төрагасынын кеңешчиси. Алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көргөн.
ж. «Кичинекей досторго» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. «Чолпон» (1962), «Эстелик сүйлөйт», «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» (1965) жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар м-н катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген.

АБЫЛКАСЫМОВА62.png

«Ишеним дайым жүрөктө» (1968) жыйнагындагы лирикалык ырлардын көпчүлүгү турмушка, өмүргө, сүйүүгө, адамдардын ортосундагы мамилелерге арналган. Жаратылыш, Ата журт - акындын бүткүл чыг-лыгындагы бүтпөс тема. Жалпы эле экология проблемасы «Гүлдөр суу сурайт» аттуу жыйнагында курч коюлган. Мында жазды сагынуу, күтүү, кумарлануу сезимдерине, табияттын пейзаждык боёкторуна арналган сагггар арбын. Чыг-лыгында улуттук поэзиянын салттуу уйкаштыктагы ырларына караганда ак ыр, эркин ыр формасында жазылган ырлар басымдуу. «Тандалган чыгармалары», «Ата журт» (1973) ыр жыйнагы чыккан. Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган. «Атаке Баатыр» драмасы Кыргыз мамл. акад. драма театрында коюлган (2004). А. кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн «Ардак Белгиси», III даражадагы «Манас» ордендери м-н сыйланган.