Difference between revisions of "АБУ-Л-ГАЗИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 Бахадур хан (1603–63) – Хива ханы ж-а тарыхчы. 1643-ж. көчмөн өзбек урууларынын жардамы м-н такка отуруп, өз бий лигин чыңдоо үчүн түркмөндөргө, калмактарга, Бухара хандыгына каршы күрөшкөн. Өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болгон, эски кол жазмаларды көп окуган, түрк элдеринин тарыхын дурус билген. Анын «Шажарай-и-түрк» ж-а «Шажарай-йи-таракима» («Түрк элдеринин санжырасы», «Түркмөндөрдүн санжырасы») ат туу эки эмгеги белгилүү. Эмгектерде Борб. Азиянын элдеринин тарыхы б-ча баалуу тарыхый, этногр. маалыматтар кездешет. А.-Л-Г. бул эмгектерди жазууда Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварихин» негизги булак катары пайдалангандыгы байкалат. Анын маалыматтарын кыргыз тарыхчылары Осмоналы Сыдык уулу м-н Бе лек Солтоноев кыргыздардын тарыхын изилдөөдө пайдаланышкан.