Difference between revisions of "АБДЫЛДАЕВ Табылды"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 Табылды (2. 3. 1932, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Бостери айылы - 17. 10. 2000, Бишкек) - философия илимд. доктору (1968), проф. (1969). 1952-ж. КРдин ИАнын корр.
АБДЫЛДАЕВ 443.png


мүчөсү (1989). КМУнун бүтүрүп, ошол эле жерде 1956-
ж. окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1966-88-ж. КММИнин филос. кафедрасынын башчысы, 1988-жылдан КРдин ИАнын философия ж-а укук ин-тунда иш
. теген. Адам экологиясынын
филос. маселелери б-ча адис. Анын ил. эмгектери негизинен биол. түр ж-а түрдүн келип чыгышынын методологиялык проблемаларына арналган. А-дин изилдөөлөрү илимдин өнүгүшүнүн перспективалуу багыты, б. а. азыркы мезгилдин ке ңири экол. проблемалары м-н тыгыз байланышкан. Ал Бишкек ш-ндагы философтордун ил. эмгектеринин жогорку окуу жайлар аралык тематикалык жыйнагын чыгарууну уюштурган. Анын жетекчилиги, редакциялоосу м-н КММИ нин философия кафедрасынын ж-а экология б-ча бөлүмдүн кызматкерлеринин коллективдүү монографиясы, 8 ил. эмгек чыккан. 70тей ил. эмгектин, а. и. 12 монографиянын автору.
Эмг.: Философские вопросы о виде. Ф., 1966; Понятие «вид» в современной биологии. Ф., 1971; Соотношение различных тенденций в исследовании уровней организации живой природы. Ф., 1975; Причинно-следственные связи во взаимоотношении об щества и природы (в соавторстве) Ф., 1986.