Difference between revisions of "АК-СУУ ӨРӨӨНҮ"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК-СУУ ӨРӨӨНҮ''' Тескей Ала-Тоонун түн. капталында. Ак-Суунун эки айрыгы ‒ Алмалы (оӊ) ж-а Алтын-Арашан (сол) өзөндөрүнөн орун алган. Чыгышында Ичке-Жергез, Бууракан, батышында Каракол, Жыланды тоолору (Тескей Ала-Тоонун тармактары) жатат. Уз. 60 ''км, ''туурасы 20 ''м'' ‒2,5 ''км, ''орт. бийикт. 2000‒3900 ''м, ''капталдары тик (30‒40°), айрыкча өрөөндүн оозу, Ортоктун эки жагы (Кептеш, Тайгак-Таш) 60‒70°, таманы кууш (20‒50 ''м''). Алмалынын баш жагы (3500‒4100 ''м'') мөӊгүлүү, зоокалуу келип, тепши сымал; ортонку бөлүгү (2400‒3500 ''м'') кенен, төмөн жагы (2100‒2400 ''м) ''кууш капчыгай, Алмалы суусу чулу гранит тегин кесип, шар агат. Алтын-Арашан меридиан багытында жатат, баш жагы мөӊгүлүү, мореналуу, ортонку бөлүгү тепши сымал, аягы кууш (каньон), өрөөн эрозиянын натыйжасында пайда болгон; ал гранит, кумдук ж-а акиташ тектеринен турат. Климаты континенттик, июлдун орт. темп-расы 13‒14°С, январдыкы ‒7...‒9°С. Жылдык жаан-чачыны 500‒800 ''мм. ''Мөӊгүлөрү: Кашка-Суу, Алтын-Арашан, Ашуу-Суу, Алмалы ж. б. Ири суулары: Алтын-Арашан, Алмалы, алардын куймалары: Ашуу-Суу, Кашка-Суу, Шаркыратма, Айланма. Өрөөндө боз, күрөӊ ж-а шалбаа топурактары басымдуу. Алтын-Арашандын төмөнкү ж-а ортонку бөлүгү калыӊ карагайлуу. Алмалыда карагай токой Ортоктун үстүнөн жогору карай 30‒35 ''км''ге созулат. Тескейи карагай черлүү; бадалдуу карагайдын арасында четин, шилби, терек, тал, ит мурун өсөт. Арча, табылгы ж-а бадал өсүмдүктөрү Алмалынын эки өйүзүн теӊ ээлейт. Өрөөндө карагайдын бийикт. 30‒35 ''м, ''жоондугу 0,8‒1,5 ''м''ге жетет. Мындай карагайлар Кырг-ндын башка аймактарында сейрек кездешет. Өрөөн кооз ж-а ысык булактары бар; малга жайлуу. <br> |
16:02, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
АК-СУУ ӨРӨӨНҮ Тескей Ала-Тоонун түн. капталында. Ак-Суунун эки айрыгы ‒ Алмалы (оӊ) ж-а Алтын-Арашан (сол) өзөндөрүнөн орун алган. Чыгышында Ичке-Жергез, Бууракан, батышында Каракол, Жыланды тоолору (Тескей Ала-Тоонун тармактары) жатат. Уз. 60 км, туурасы 20 м ‒2,5 км, орт. бийикт. 2000‒3900 м, капталдары тик (30‒40°), айрыкча өрөөндүн оозу, Ортоктун эки жагы (Кептеш, Тайгак-Таш) 60‒70°, таманы кууш (20‒50 м). Алмалынын баш жагы (3500‒4100 м) мөӊгүлүү, зоокалуу келип, тепши сымал; ортонку бөлүгү (2400‒3500 м) кенен, төмөн жагы (2100‒2400 м) кууш капчыгай, Алмалы суусу чулу гранит тегин кесип, шар агат. Алтын-Арашан меридиан багытында жатат, баш жагы мөӊгүлүү, мореналуу, ортонку бөлүгү тепши сымал, аягы кууш (каньон), өрөөн эрозиянын натыйжасында пайда болгон; ал гранит, кумдук ж-а акиташ тектеринен турат. Климаты континенттик, июлдун орт. темп-расы 13‒14°С, январдыкы ‒7...‒9°С. Жылдык жаан-чачыны 500‒800 мм. Мөӊгүлөрү: Кашка-Суу, Алтын-Арашан, Ашуу-Суу, Алмалы ж. б. Ири суулары: Алтын-Арашан, Алмалы, алардын куймалары: Ашуу-Суу, Кашка-Суу, Шаркыратма, Айланма. Өрөөндө боз, күрөӊ ж-а шалбаа топурактары басымдуу. Алтын-Арашандын төмөнкү ж-а ортонку бөлүгү калыӊ карагайлуу. Алмалыда карагай токой Ортоктун үстүнөн жогору карай 30‒35 кмге созулат. Тескейи карагай черлүү; бадалдуу карагайдын арасында четин, шилби, терек, тал, ит мурун өсөт. Арча, табылгы ж-а бадал өсүмдүктөрү Алмалынын эки өйүзүн теӊ ээлейт. Өрөөндө карагайдын бийикт. 30‒35 м, жоондугу 0,8‒1,5 мге жетет. Мындай карагайлар Кырг-ндын башка аймактарында сейрек кездешет. Өрөөн кооз ж-а ысык булактары бар; малга жайлуу.