Difference between revisions of "АВТОМАТИКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
 
v1e2_72-116>Kadyrm
(Айырма жок)

18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 (гр. automatos ‒ өзү аракеттенүүчү) ‒ түздөн-түз адам аракети катышпай иштей турган технол. процесстерди башкаруу чу системалардын теориясын ж-а түзүү принциптерин камтыган илим м-н техниканын тармагы. Автоматтык ишке кирүүчү түзүлмөлөрдүн негиздери 18-к-да эле белгилүү болгон. Буу казанында суунун белгилүү деӊгээлин кармоо үчүн И. И. Ползуновдун (1765) ж-а буу машинасы нын октолгоочунун айлануу жыштыгын турукташтыруу үчүн Дж. Уаттын (1784) жөндөгүч төрүнүн (регуляторлорунун) баяндамалары сакталып калган. Алгачкы теор. натыйжалар 19-к-да пайда болгон. Дж. К. Максвеллдин (1868) ж-а И. А. Вышнеградскийдин (1872) эмгектери автоматташтырылган жөндөө теориясынын негизин түптөгөн, алардын базасында А. илим катары ургаалдуу өнүккөн. Техниканын өзүнчө тармагы катары А. дүйнөлүк энергетиктердин 2-конференциясында (1930, Берлин) кабыл алынган. Пайдаланылуучу энергиянын түрүнө карата электр, гидро-, пневмо-А. түзүлүштөрү бар. Өндүрүштө электр А-сы, шахта өндүрүшүндө пневмо-А. колдонулат. А-нын өсүшү теор. механикага, электр тизмегинин ж-а системасынын теориясына негизделип, буу казанынын басымын, буу машинасынын бышкегинин (поршенинин) жүрүшүн жөндөөгө, станок-автоматтар дын, АТСтин, релелик сактоо түзүлүшүнүн ишин башкарууга байланышкан маселени чечет. Ушуга ылайык А-нын тех. каражаттары иштелип чыккан (к. Автоматташты руунун техника лык каражаттары). А. бири биринен алыс турган объектилерди бир системага бириктирет. Мында автоматтык башкаруучу түзүлүштөр телемеханиканын каражаттары м-н байланышты рылат. Байланыш каражаттары, башкаруучу түзүлүштөр ж-а башкарылуучу объектилер телеавтоматика системасын түзүшөт .