Difference between revisions of "БАА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 товар наркынын акчалай туюнтмасы. Товар Б-сынын өлчөмү төмөнкүчө белгиленет: 1) товардын өздүк наркы; 2) акча материалы нын (алтын) наркы; 3) суроо-талап м-н сунуштун өз ара катышы; алтындын баасы канчалык жогору болсо, товарлардын баасы ошончолук төмөн болот. Талап сунуштан көп болсо, Б. өлчөмү нарктан жогору болот, ал эми сунуш көбөйсө Б. нарктан төмөндөйт. Талап м-н сунуш барабар болгон учурда теӊ салмактуу баа коюлат. Б. базасында аймактар, тармактар ж-а ишканалар ортосунда товар алмашуу жүрөт. Б. өлчөмү экон. мыйзамдардын, биринчи кезекте нарк мыйзамынын таасири астында аныкталат. Б. макроэкон. пропорцияларды, өндүрүштүн натыйжалуулугун, продукциянын өндүрүүчүлөрү м-н кардарларынын экон. кызыкчылы гынын баланстуулугун контролдоодо, пландоодо ж-а талдоодо пайдаланылат. Б. калктын жашоо деӊгээлинин абалын ж-а динамикасын мүнөздөөчү маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.