Difference between revisions of "«АШЫГ‒ГАРИБ» дастаны"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
1 -сап: 1 -сап:
Кавказ ж-а Ж. Чыгыш элдерине тараган дастан. Азербайжандарда «А-Г-дин» 9 варианты бар. Анын төртөө басмадан чыккан. Дастан 16-к-дагы акын Гарибдин гошма ырынын негизинде жаралган деген божомол бар. Анда Гарибдин бай үй-бүлөдөн чыккан Шахсенемге ашыктыгы баяндалат. Шахсенем Гарибди жети жыл күтүп, жети жылда келбесе, башкага чыгарын билдирип, экөө ажырашат. Гарибди күтө берип энеси эки көзүнөн ажырайт. Гарибди көрө албагандар аны өлдү деп угузуп, Шахсенемди Шахвелде деген жигитке алып бермей болуп той жасашат. Ошол учурда Гариб ырчынын кейпин кийип, сыйкырдуу ат м-н келет да, Шахсенемге өзүн билдирип, душманда рын жеӊип, экөө баш кошушат. Сыйкырдуу дарынын күчү м-н энесинин көзүн айыктырат. «А.-Г-дин» сюжети б-ча М. Ю. Лермонтов жомок, У. Гажибеков ж-а Р. М. Глиэр опералар жазган.<br>
'''«АШЫГ-ГАРИБ»''' ‒ Кавказ ж-а Жакынкы Чыгыш элдерине тараган дастан. Азербайжандарда «Ашыг-Гарибдин» 9 варианты бар. Анын төртөө басмадан чыккан. Дастан 16-кылымдагы акын Гарибдин гошма ырынын негизинде жаралган деген божомол бар. Анда Гарибдин бай үй-бүлөдөн чыккан Шахсенемге ашыктыгы баяндалат. Шахсенем Гарибди жети жыл күтүп, жети жылда келбесе, башкага чыгарын билдирип, экөө ажырашат. Гарибди күтө берип энеси эки көзүнөн ажырайт. Гарибди көрө албагандар аны өлдү деп угузуп, Шахсенемди Шахвелде деген жигитке алып бермей болуп той жасашат. Ошол учурда Гариб ырчынын кейпин кийип, сыйкырдуу ат м-н келет да, Шахсенемге өзүн билдирип, душмандарын жеӊип, экөө баш кошушат. Сыйкырдуу дарынын күчү м-н энесинин көзүн айыктырат. «Ашыг-Гарибдин» сюжети боюнча М. Ю. Лермонтов жомок, У. Гажибеков ж-а Р. М. Глиэр операларды жазган.<br>
 

09:12, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

«АШЫГ-ГАРИБ» ‒ Кавказ ж-а Жакынкы Чыгыш элдерине тараган дастан. Азербайжандарда «Ашыг-Гарибдин» 9 варианты бар. Анын төртөө басмадан чыккан. Дастан 16-кылымдагы акын Гарибдин гошма ырынын негизинде жаралган деген божомол бар. Анда Гарибдин бай үй-бүлөдөн чыккан Шахсенемге ашыктыгы баяндалат. Шахсенем Гарибди жети жыл күтүп, жети жылда келбесе, башкага чыгарын билдирип, экөө ажырашат. Гарибди күтө берип энеси эки көзүнөн ажырайт. Гарибди көрө албагандар аны өлдү деп угузуп, Шахсенемди Шахвелде деген жигитке алып бермей болуп той жасашат. Ошол учурда Гариб ырчынын кейпин кийип, сыйкырдуу ат м-н келет да, Шахсенемге өзүн билдирип, душмандарын жеӊип, экөө баш кошушат. Сыйкырдуу дарынын күчү м-н энесинин көзүн айыктырат. «Ашыг-Гарибдин» сюжети боюнча М. Ю. Лермонтов жомок, У. Гажибеков ж-а Р. М. Глиэр операларды жазган.