Difference between revisions of "АЧЫК-СУУ МӨҢГҮСҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталында. Кызыл-Суунун сол куймасы Ачык-Суунун алабынан орун алган. Уз. 8,3км, аянты 10 км2, абляциясынын аянты 4,1км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 5680 м, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Тик капталдарда жаткан фирн ж-а кар массасы ылдый карай жайык мульдага жылып түшүп, андан мөӊгү агымы түн.-чыгышка карай жылат. Этегинин 4,1 км2 аянты мореналар м-н капталган. Мөӊгүдөн аты уйкаш суу агып чыгып, Кызыл-Сууга сол тараптан куят.