Difference between revisions of "АЦЕТОН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(лат. acetum ‒ уксус), д и м е т и л к е т о н, СН3СОСН 3 алифаттык эӊ жөнөкөй кетон; мүнөздүү жыты бар, түссүз суюктук. Кайноо t 56,2°С. Суу, спирт, эфирлер м-н бардык катышта аралашат, хим. активдүү зат. А. хлорду ж-а жегичти кошуудан хлороформго (CHCl3), ысытуудан кетенге (СН2СО) айланат. Андан башка оксим, оксинитрил ж. б. бирикмелерди берет. А. кальций ацетатын ысытуудан же уксус к-тасынын буусун церий, титан кычкылдарынын үстүнөн өткөрүүдөн, крахмалды өзгөчө бактериялардын жардамы м-н ачытуудан ж-а пропиленди гидраттап, пайда болгон изопропил спиртин андан ары кычкылдандыруудан алынат. А. көпчүлүк орг. заттар үчүн (нитро- ж-а ацетил-целлюлозалар, ацетилен) эриткич катары, тамак-аш ж-а фармацевт өнөр жайларында, кетен, изопрен ж. б. орг. бирикмелерди алууда колдонулат. Айрым патол. абалда (мис., кант диабетинде) адамдын канында А. чогулуп, ууктуруучу таасир тийгизет.