Difference between revisions of "АДАБИЯТ ТААНУУ"
Jump to navigation
Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ көркөм ад-ттын маӊызын, анын өзгөчөлүгүн, пайда болушун, коомдук милдетин ж-а тарыхый-адабий процесстин мыйзам-ченемдерин изилдөөчү илим. Үч бөлүктөн турат: адабият теориясы , б. а. рухий ж-а көркөм ишмердиктин бөтөнчө формасы болгон ад-ттын өзгөчөлүгүн, көркөм тексттин структура сын, адабий процесс м-н чыг. методдун факторлорун изилдейт; адабият тарыхы дүйнөлүк ад-ттын, улуттук ад-ттардын өнүгүп-өсүү процессин (а. и. метод, стиль, доор, багыттардын алмашуусун), айрым жазуучулардын чыг-лыгын иликтейт; адабий сын көбүнчө учурдагы чыгармаларды талдайт ж-а баа берет, ад-ттын коомдук турмуштагы эстетикалык маанисин ж-а ролун аныктайт. Азыркы А. эстетика, философия, тил илими, тарых, социология, психология м-н ажырагыс тыгыз байланышта. А-нун башатында антикалык доордун философтору ж-а акындары, Чыгышта ‒ байыркы ж-а о. кылымдагы кытай, инди ж-а араб ойчулдары турушат. А. өз алдынча илим катары 19-к-да калыптанып, ар түрдүү ил. методдор пайда болгон. Өзүнүн тарыхый өнүгүшүндө элдин рухий жаӊылануусун кенен ж-а тереӊ чагылдыруу м-н көп кырдуу, көп боёктуу турмушту таанып-билүүнүн эӊ таасирдүү формасына айланган. Кыргыз ад-ты дүйнөлүк көркөм турмуштун, акыл-ойдун катарына ишенимдүү кошулган дешке толук негиз бар. Кыргыз А. илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзамченемдери, улуттук ад-ттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар м-н реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыг-лыгында жашап келген түрлөрдөгү ж-а жанрлардагы жаӊы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр м-н жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, иск-вонун милдеттеринин өзгөрүшү м-н бирге ад-ттын тематикасындагы адабий өзгөрүүлөр, анын турмушун көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражат тарынын байышы ж. у. с. маселелерди кароого ж-а чечүүгө аракет кылып келе жатат. Кыргыз элинин көркөм сөз чыг-лыгын, айрыкча фольк
лорун изилдөөдө М. О. Ауэзов, В. В. Жирмунский, М. И. Богданова ж. б. окумуштуулар эмгектеништи. Кыргыз адабиятчыларынын бир тобу (К. Асаналиев, А. Садыков, К. Артыкбаев, С. Жигитов, А. Акматалиев ж. б.) илимдин бул тармагында активдүү иштешти. Ад.: Тимофеев Л. Основы теории литературы, 4 изд., М., 1971; Садыков А. Адабият теориясы. Б., 2002.