Difference between revisions of "ИНТУИЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
vol3>KadyrM
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИНТУИ́ЦИЯ (лат. intuitus – көз караш, көрүү, тигиле кароо) – көрө билүү, көз салуу, байкоо жүргүзүү, о. эле шыктануучулук, көңүл эргүү сыяктуу рухий көрө билүүчүлүк, тажрыйбага негизделбеген ой жүгүртүү аркылуу түшүнүү; көзү ачылуу, олуялык кылуу, аян берүү. Ил. ад-тта И. деп акыйкатка алдын ала логикалык ой жүгүртпөй же далилдеп олтурбай эле тикеден тике жетүү мүмкүнчүлүгү же жөндөмү. 20-к-га чейинки философияда И. таануунун өзгөчө фор­масы катары каралып келген. Азыркы батыш философиясында ж-а психологиясында И. тур­муштагы практика ж-а логика м-н сыйышпа-


ганын билүү мистикалык жөндөмдүүлүк ката­ры каралат. Марксисттик философиянын чегин­де И. таануунун белгилүү бир элементи катары каралат. Ил. таануунун процесстери, о. эле дүй­нөнү өздөштүрүүнүн ар түрдүү формалары дайыма эле логиканын ж-а фактылардын негизинде далилденбейт. Көп учурда адам татаал кырдаал­ды ойлоо аркылуу деле билет. Мис., согуш учу­рундагы салгылаштарды, оорулуунун диагнозун, кылмышкердин күнөөлүү же күнөөсүз экенди­гин логиканын татаал формаларын пайдалан­бастан эле, дароо аныктоого болот. Ошондук­тан логика м-н илимдин күчү жетпеген татаал ж-а белгисиз нерселерди билүүдө И-нын ролу зор. И-ны акылга сыйбаган же акылдан ашып түшкөн нерсе деп эсептөөгө болбойт.