Difference between revisions of "АЛ-КАМИЛ ФИ-Т-ТА’РИХ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
«Ал-камил фи-т-та’рих» («Толук жыйнактуу тарых» же «Тарыхтардын толук жыйнагы») –араб тарыхчысы ''Ибн ал-Асирдин'' (1160–1233) көп томдуу эмгеги. Эмгек исламдан мурунку мезгилден башталган мусулман өлкөлөрүнүн жалпы тарыхын камтып, моңголдордун басып алуулары менен аяктайт (1231). Исламдын алгачкы үч кылымдык тарыхы ''ат-Табариден'' көчүрүлгөн, бирок ага түзөтүү, кошумчалар киргизилген. Муну менен бирге автор Орто Азиянын тарыхына тиешелүү бизге жетпей калган айрым булактарды (мис., ас-Саллами ж. б.) пайдаланып, IХ–ХIII кылымдардагы ''Саманид'', ''Караханид'', ''Селжук'', ''Газневид'', ''Гурид'', ''Хорезмшах'' жана ''Хулагуиддер'' мамлекеттеринин (династия) тарыхынан илимий баалуу маалыматтарды келтирген. Моңголдордун Орто Азияны басып алуу тарыхын чагылдырууда В. В. ''Бартольд'' араб тилинде жазган үч автордун (Ибн ал-Асир, ан-Насави, ''ал-Жувейни'') эмгектерин ишенимдүү булак катары көрсөтөт. Ошол эле учурда айрым тарыхый маанилүү окуялар (мис., 751-ж. ''Атлах салгылашуусу'') ушул «ал-Камил фи-т-та’рихта» гана кезигет. Булардан тышкары өз эмгегинде автор орто кылымдарда Орто Азияны мекендеген элди жалпысынан перс, татар, түрк, гуз, тогуз-гуз, түркмөн жана түркмөн-гуз урууларына бөлүп, | «Ал-камил фи-т-та’рих» («Толук жыйнактуу тарых» же «Тарыхтардын толук жыйнагы») –араб тарыхчысы ''Ибн ал-Асирдин'' (1160–1233) көп томдуу эмгеги. Эмгек исламдан мурунку мезгилден башталган мусулман өлкөлөрүнүн жалпы тарыхын камтып, моңголдордун басып алуулары менен аяктайт (1231). Исламдын алгачкы үч кылымдык тарыхы ''ат-Табариден'' көчүрүлгөн, бирок ага түзөтүү, кошумчалар киргизилген. Муну менен бирге автор Орто Азиянын тарыхына тиешелүү бизге жетпей калган айрым булактарды (мис., ас-Саллами ж. б.) пайдаланып, IХ–ХIII кылымдардагы ''Саманид'', ''Караханид'', ''Селжук'', ''Газневид'', ''Гурид'', ''Хорезмшах'' жана ''Хулагуиддер'' мамлекеттеринин (династия) тарыхынан илимий баалуу маалыматтарды келтирген. Моңголдордун Орто Азияны басып алуу тарыхын чагылдырууда В. В. ''Бартольд'' араб тилинде жазган үч автордун (Ибн ал-Асир, ан-Насави, ''ал-Жувейни'') эмгектерин ишенимдүү булак катары көрсөтөт. Ошол эле учурда айрым тарыхый маанилүү окуялар (мис., 751-ж. ''Атлах салгылашуусу'') ушул «ал-Камил фи-т-та’рихта» гана кезигет. Булардан тышкары өз эмгегинде автор орто кылымдарда Орто Азияны мекендеген элди жалпысынан перс, татар, түрк, гуз, тогуз-гуз, түркмөн жана түркмөн-гуз урууларына бөлүп, аларды ич ара мусулмандар жана динсиздер деп, кайра эки топко ажыраткан. Ислам динин кабыл алып, ал үчүн күрөшкөн эмир, хандарга (хакан) көбүрөөк көңүл бурган. Бул эмгекте кыргыздар тууралуу эч кандай ачык маалымат кезикпегени менен азыркы Кыргызстандын аймагы жана ага чектеш жерлерге түздөн түз тиешеси бар тарыхый окуялар көп жолугат. Мисалы, эмгекте хижра жылы боюнча 408-жылы (1017/1018) ичинде кара кытайлар (кара: ''Кара Кытай мамлекети'') бар, 300 миң түтүндөн ашык түрк уруулары Кытайдан чыгып, ''Мавераннахрдын'' бир бөлүгүн каратканын жана көптөгөн адамдарды туткунга түшүрүп, далай олжого ээ болгону айтылат. Алар ''Баласагын'' шаарына сегиз күндүк жерге келгенде, Түркстанды бийлеп турган Туган-хан ибн Тамгач-хан 120 миң ыктыярдуу аскер жыйнап, аларга каршы аттанган жана аларды өз өлкөсүнө чейин кууп барып, 100 миңге чукул адамдарын туткунга алып, болуп көрбөгөндөй олжо менен кайтып келген. Автор ошондой эле Баласагын жана Кашкарга караштуу аймактардагы мусулмандар жашаган шаарларды тынымсыз чаап, аларга тынчтык бербей жүргөн 10 000 түтүн түрк ''хижранын'' 435-жылы (10. 08. 1043–28. 07. 1044) «сафар» айында (мусулман ай санагы боюнча 2-ай) 20 миң баш коюн курмандыкка чалып, ислам динин кабыл алганын билдирет. Мындан тышкары «баласагындыктар» жайкысын «Булгарды» жайлап, кышкысын Баласагындын айланасын кыштаганы тууралуу так маалыматтар бар. Ал эми Ибн ал-Асир келтирген кара кытайлар жөнүндө маалыматтар кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхынын айрым маселелерин изилдөөдө өтө маанилүү булактардын бири болуп эсептелет. 1851–1876-жылдары швед чыгыш таануучусу, араб тилинин профессору К. Торнбергдин (1807–1877) Ибн ал-Асирдин бир нече кол жазмасына негизделген «Ибн ал-Асирдин эң сонун жазылган хроникасы» (Ibn el-Athiri Chronicon quod perfectissimum inscribitur) аттуу 14 томдук эмгеги жарык көргөн. Ага К. Торнберг өзү түшүндүрмө берип, жеке сын-пикирлерин кошумчалаган. Кыргызстандын аймагына тиешелүү «Ал-камил фи-т-та’рихтин» айрым томдорунан алынган үзүндүлөр К. Б. Старкова (1915–2000) тарабынан которулуп, 1973-жылы орус тилинде жарыкка чыккан «Материалы по истории киргизов и Киргизии» деген китепке кирген. | ||
Ад.: Ibn el-Athiri Chronicon quod perfectissimum inscribitur /Ed. C.J.Tornberg. Vol. I–XIV. Upsaliae et Lugduni Batavorum, 1851–1876; Из летописи Ибн ал-Асира //Сборник материалов, относящихся к истории Золотой Орды в переводах В. Г. Тизенгаузена. Т. 1. Извлечения из сочинений арабских. СПб., 1884; Бартольд В. В. Работы по Средней Азии. /Собр. Соч. М., 1963. Т. II. Ч. 1; Материалы и исследования по археологии Кыргызстана. Вып. 1. М., 1973; Ибн ал-Асир. Полный свод истории. Избранные отрывки. /пер. с араб. языка П. Г. Булгакова, с комм. Ш. С. Камолиддина. Таш.-Цюрих, 2005. | Ад.: Ibn el-Athiri Chronicon quod perfectissimum inscribitur /Ed. C.J.Tornberg. Vol. I–XIV. Upsaliae et Lugduni Batavorum, 1851–1876; Из летописи Ибн ал-Асира //Сборник материалов, относящихся к истории Золотой Орды в переводах В. Г. Тизенгаузена. Т. 1. Извлечения из сочинений арабских. СПб., 1884; Бартольд В. В. Работы по Средней Азии. /Собр. Соч. М., 1963. Т. II. Ч. 1; Материалы и исследования по археологии Кыргызстана. Вып. 1. М., 1973; Ибн ал-Асир. Полный свод истории. Избранные отрывки. /пер. с араб. языка П. Г. Булгакова, с комм. Ш. С. Камолиддина. Таш.-Цюрих, 2005. |
09:07, 21 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы
«Ал-камил фи-т-та’рих» («Толук жыйнактуу тарых» же «Тарыхтардын толук жыйнагы») –араб тарыхчысы Ибн ал-Асирдин (1160–1233) көп томдуу эмгеги. Эмгек исламдан мурунку мезгилден башталган мусулман өлкөлөрүнүн жалпы тарыхын камтып, моңголдордун басып алуулары менен аяктайт (1231). Исламдын алгачкы үч кылымдык тарыхы ат-Табариден көчүрүлгөн, бирок ага түзөтүү, кошумчалар киргизилген. Муну менен бирге автор Орто Азиянын тарыхына тиешелүү бизге жетпей калган айрым булактарды (мис., ас-Саллами ж. б.) пайдаланып, IХ–ХIII кылымдардагы Саманид, Караханид, Селжук, Газневид, Гурид, Хорезмшах жана Хулагуиддер мамлекеттеринин (династия) тарыхынан илимий баалуу маалыматтарды келтирген. Моңголдордун Орто Азияны басып алуу тарыхын чагылдырууда В. В. Бартольд араб тилинде жазган үч автордун (Ибн ал-Асир, ан-Насави, ал-Жувейни) эмгектерин ишенимдүү булак катары көрсөтөт. Ошол эле учурда айрым тарыхый маанилүү окуялар (мис., 751-ж. Атлах салгылашуусу) ушул «ал-Камил фи-т-та’рихта» гана кезигет. Булардан тышкары өз эмгегинде автор орто кылымдарда Орто Азияны мекендеген элди жалпысынан перс, татар, түрк, гуз, тогуз-гуз, түркмөн жана түркмөн-гуз урууларына бөлүп, аларды ич ара мусулмандар жана динсиздер деп, кайра эки топко ажыраткан. Ислам динин кабыл алып, ал үчүн күрөшкөн эмир, хандарга (хакан) көбүрөөк көңүл бурган. Бул эмгекте кыргыздар тууралуу эч кандай ачык маалымат кезикпегени менен азыркы Кыргызстандын аймагы жана ага чектеш жерлерге түздөн түз тиешеси бар тарыхый окуялар көп жолугат. Мисалы, эмгекте хижра жылы боюнча 408-жылы (1017/1018) ичинде кара кытайлар (кара: Кара Кытай мамлекети) бар, 300 миң түтүндөн ашык түрк уруулары Кытайдан чыгып, Мавераннахрдын бир бөлүгүн каратканын жана көптөгөн адамдарды туткунга түшүрүп, далай олжого ээ болгону айтылат. Алар Баласагын шаарына сегиз күндүк жерге келгенде, Түркстанды бийлеп турган Туган-хан ибн Тамгач-хан 120 миң ыктыярдуу аскер жыйнап, аларга каршы аттанган жана аларды өз өлкөсүнө чейин кууп барып, 100 миңге чукул адамдарын туткунга алып, болуп көрбөгөндөй олжо менен кайтып келген. Автор ошондой эле Баласагын жана Кашкарга караштуу аймактардагы мусулмандар жашаган шаарларды тынымсыз чаап, аларга тынчтык бербей жүргөн 10 000 түтүн түрк хижранын 435-жылы (10. 08. 1043–28. 07. 1044) «сафар» айында (мусулман ай санагы боюнча 2-ай) 20 миң баш коюн курмандыкка чалып, ислам динин кабыл алганын билдирет. Мындан тышкары «баласагындыктар» жайкысын «Булгарды» жайлап, кышкысын Баласагындын айланасын кыштаганы тууралуу так маалыматтар бар. Ал эми Ибн ал-Асир келтирген кара кытайлар жөнүндө маалыматтар кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхынын айрым маселелерин изилдөөдө өтө маанилүү булактардын бири болуп эсептелет. 1851–1876-жылдары швед чыгыш таануучусу, араб тилинин профессору К. Торнбергдин (1807–1877) Ибн ал-Асирдин бир нече кол жазмасына негизделген «Ибн ал-Асирдин эң сонун жазылган хроникасы» (Ibn el-Athiri Chronicon quod perfectissimum inscribitur) аттуу 14 томдук эмгеги жарык көргөн. Ага К. Торнберг өзү түшүндүрмө берип, жеке сын-пикирлерин кошумчалаган. Кыргызстандын аймагына тиешелүү «Ал-камил фи-т-та’рихтин» айрым томдорунан алынган үзүндүлөр К. Б. Старкова (1915–2000) тарабынан которулуп, 1973-жылы орус тилинде жарыкка чыккан «Материалы по истории киргизов и Киргизии» деген китепке кирген.
Ад.: Ibn el-Athiri Chronicon quod perfectissimum inscribitur /Ed. C.J.Tornberg. Vol. I–XIV. Upsaliae et Lugduni Batavorum, 1851–1876; Из летописи Ибн ал-Асира //Сборник материалов, относящихся к истории Золотой Орды в переводах В. Г. Тизенгаузена. Т. 1. Извлечения из сочинений арабских. СПб., 1884; Бартольд В. В. Работы по Средней Азии. /Собр. Соч. М., 1963. Т. II. Ч. 1; Материалы и исследования по археологии Кыргызстана. Вып. 1. М., 1973; Ибн ал-Асир. Полный свод истории. Избранные отрывки. /пер. с араб. языка П. Г. Булгакова, с комм. Ш. С. Камолиддина. Таш.-Цюрих, 2005.