Difference between revisions of "АЛ-МАКДИСИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛ-МАКДИСИ,''' толук түрүндө ''Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухаммад ибн Ахмад ибн Аби Бакр'', арабча;ٱلدِّيْن أَبُو عَبْد ٱلله مُحَمَّد ابْن أَحْمَد ابْن أَبِي بَك ; айрым адабиятта ал-Мукаддаси (болжол менен 946-жылдар, Аббасиддер халифаты [азыркы Палестина], Иерусалим шаары болжол менен 991-жылдар, Фатимиддер халифаты [азыркы Египет], Каир) – араб саякатчысы, географ, адабиятчы; «''Ахсан а-Такасим фи Марифат аль-Акалим''» (Аймактар тууралуу маалымат бере турган бөлүмдөр) аттуу тарыхый-географиялык эмгектин автору. Ал-Макдисинин өмүр баянына байланыштуу маалыматтар өтө аз. Эмгектерине караганда өз заманында өтө билимдүү адам катарында турган. 20 жашында зырят кылуу үчүн ''Мекеге'' барып, ''ажы'' болгон. Андан кийин саякатка даярданып, болжол менен 965–974-жылдары негизинен азыркы Палестинанын чыгыш, түндүк-чыгыш тарабындагы мусулман жерлерин кыдырып чыккан. 978-жылы экинчи жолу Мекеге зырят кылган. 984-жылы саякатын улантып ''Хорасан'', 985-жылы ''Ширазга'' келип, чыгармачылыкка киришкен жана чогулутулган материалдарынын үстүндө иштеген.
'''АЛ-МАКДИСИ''' [толук аты-жөнү  Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухамад ибн Ахмад ибн Аби Бакр ал-Банна аш-Шами ал-Мукаддаси (ал-Макдиси) ал-Башшари (945/946-жылдар, Аббассиддер халифаты, Иерусалим – 1000-жылдар Фатимиддер халифаты (азыркы Египет), Каир]– араб географы, саякатчы. Өзү тууралуу эмгектеринде бир аз маалымат калтырганы болбосо, так өмүр баяны анча белгисиз. Ата-бабалары курулуш куруучулардан болгону белгилүү. Иерусалимде (арабча  «Мадина Байт ал-Макдис» – Храмдар шаары) туулганына байланыштуу «ал-Макдиси» (б. а. Макдисилик) деген кошумча ысымга (арабча – нисба) ээ болгон. Жыйырма жашында ажылыка Мекеге барып сыйынгандан кийин саякаттап, көптөгөн мусулман өлкөлөрүн кыдырып чыккан. Көргөндөрүнүн баарын өзүнүн 985/986 же 988/989-жылдары жазылган «Аймактар тууралуу маалымат бере турган бөлүмдөр» (кара: ''Ахсан ал-такасим фи ма’рифат ал-акалим'') деген эмгегинде чагылдырган. Орто Азиянын географиясын жана тарыхын окууда ал-Макдисинин бул эмгеги баалуу тарыхый булактардын бири болуп эсептелет.  


Ад.: Крачковский И. Ю.  Избранные сочинения, Т. IV. Л., 1956; Сериков И. И. Ал-Мукаддаси //Восточное историческое источниковедение и вспомогательные исторические дисциплины, Вып. 2. М., 1994.
Ад.: Крачковский И. Ю.  Избранные сочинения, Т. IV. Л., 1956; Сериков И. И. Ал-Мукаддаси //Восточное историческое источниковедение и вспомогательные исторические дисциплины, Вып. 2. М., 1994.

11:00, 31 Июль (Теке) 2024 -деги абалы

АЛ-МАКДИСИ [толук аты-жөнү  Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухамад ибн Ахмад ибн Аби Бакр ал-Банна аш-Шами ал-Мукаддаси (ал-Макдиси) ал-Башшари (945/946-жылдар, Аббассиддер халифаты, Иерусалим – 1000-жылдар Фатимиддер халифаты (азыркы Египет), Каир]– араб географы, саякатчы. Өзү тууралуу эмгектеринде бир аз маалымат калтырганы болбосо, так өмүр баяны анча белгисиз. Ата-бабалары курулуш куруучулардан болгону белгилүү. Иерусалимде (арабча  «Мадина Байт ал-Макдис» – Храмдар шаары) туулганына байланыштуу «ал-Макдиси» (б. а. Макдисилик) деген кошумча ысымга (арабча – нисба) ээ болгон. Жыйырма жашында ажылыка Мекеге барып сыйынгандан кийин саякаттап, көптөгөн мусулман өлкөлөрүн кыдырып чыккан. Көргөндөрүнүн баарын өзүнүн 985/986 же 988/989-жылдары жазылган «Аймактар тууралуу маалымат бере турган бөлүмдөр» (кара: Ахсан ал-такасим фи ма’рифат ал-акалим) деген эмгегинде чагылдырган. Орто Азиянын географиясын жана тарыхын окууда ал-Макдисинин бул эмгеги баалуу тарыхый булактардын бири болуп эсептелет.

Ад.: Крачковский И. Ю.  Избранные сочинения, Т. IV. Л., 1956; Сериков И. И. Ал-Мукаддаси //Восточное историческое источниковедение и вспомогательные исторические дисциплины, Вып. 2. М., 1994.