Difference between revisions of "АФРИГИДДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 — иран тектүү хорезмдик шахтар династиясы (4—10-к.) 305-ж. Хорезмде шах Африганын такка отурушу м-н негиз салынган. Жалпысынан А-ден 21 башкаруучу чыккан. А. мамлекетинин борбору Кят ш. (Аму-Дарыянын оӊ жээгинде жайгашкан). Алардын тушунда О. Азиянын ири маданий борборунун бирине айланган. А. мамлекетинин гүлдөп өскөн мезгили 7-к-дын 2-жарымы — 8-к-дын башына туура келет. 712-ж. арабдар басып алышкан. 8-к-дын аягында ислам динин кабыл алышып, башкаруучулары араб ысымдары м-н атала баштаган. Кятта таасирин сактап калган А-дин акыркы өкүлү Абу-Абд-Аллах Мухаммеддин 995-ж. үргөнчтүн эмири Момун тарабынан өлтүрүлүшү м-н династия кыйраган. А. династиясынын аталышы 4‒8-к-дагы Хорезмдеги афригид мад-тына көчкөн. А. ж-дөгү негизги маалыматтар хорезмдик Бирунинин тарыхый эмгектеринде камтылган.