Difference between revisions of "АЛТЫМЫШЕВ Арстанбек Алыбаевич"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
4 -сап: 4 -сап:


''Эмг.'': К фармакологии группы алкалоидов-производных фенантредина (ликорин, дигеррин, тацеттан, галактин). Семипалатинск, 1959; Лекарственные богатства. Ф., 1974.<br>
''Эмг.'': К фармакологии группы алкалоидов-производных фенантредина (ликорин, дигеррин, тацеттан, галактин). Семипалатинск, 1959; Лекарственные богатства. Ф., 1974.<br>
[[Категория:1-Том]]

09:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛТЫМЫШЕВ Арстанбек Алыбаевич (1930, Чүй облусу, Кемин району, Кара-Булак айылы – 2000, Бишкек) – фармаколог, медицина илимдеринин доктору (1968), профессор (1970), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1984; корреспондент мүчө, 1974). Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1993). 1954-жылы КММИни бүтүргөн. Ошол эле институтта ассистент. 1956-62-жылдары Семей (Казакстан) медицина институтунун жана КММИнин фармакология кафедрасынын башчысы, 1969-жылдан Кыргыз ИАнын органикалык химия институтунун лаборатория башчысы, 1980-жылдан институттун директорунун орун басары, 1992-2000-жылдары

АЛТЫМЫШЕВ 7.png

Биофармакология институтунун директору. 250дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 46 ойлоп табуунун жана 15 монографиянын) автору. Эмгектери Кыргызстандын дары өсүмдүктөрүн жана физиологиялык активдүү заттарды изилдөөгө арналган. Ойлоп табууларынын ичинен «Ликорин», «Карагай» бальзамы, «Чынгыз» арча майынын дарылык жакшы касиети боюнча дүйнөгө таанылган. Мындан башка сергитүүчү-дарылоочу ичимдиктер- «Арашан», «Уссурийский», «Сибирь»,«Гобустан» бальзамдары өндүрүштө чыгарылган.

Эмг.: К фармакологии группы алкалоидов-производных фенантредина (ликорин, дигеррин, тацеттан, галактин). Семипалатинск, 1959; Лекарственные богатства. Ф., 1974.