Difference between revisions of "АЛЕКСАНДРОВ Анатолий Петрович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
4 -сап: 4 -сап:


<br>''Ад''.: Физики о себе / под ред. В. Я. Френеля. Л., 1990.<br>
<br>''Ад''.: Физики о себе / под ред. В. Я. Френеля. Л., 1990.<br>
[[Категория:1-Том]]

09:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛЕКСАНДРОВ Анатолий Петрович [31.1 (13.2), 1903, Киев губерниясы, Тараща шаары ‒ 3.2.1994, Москва] ‒ орус физиги жана коомдук ишмер, атом өндүрүшүн негиздөөчүлөрдүн бири, СССР ИАнын академиги (1953) жана президенти (1975‒86), 3 жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1954, 1960, 1973). 1930-жылы Киев университетин бүтүп, Ленинград физика-техника институтунда иштеген. 1946‒55-жылдары СССР ИАнын Физика проблемалары институтунун (1960‒88-жылдар), Атом энергиясы институтунун директору. Ал-

АЛЕКС АНДРОВ53.png

гачкы илимий изилдөөлөрү диэлектриктер физикасына жана жогорку молекулалуу бирикмелерге арналган. П. П. Кобеко менен бирге полимерлер физикасы боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анын кемелерди минадан сактоо ыкмасы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ийгиликтүү колдонулган. 1943-жылдан ядролук физика жана техника боюнча иштеп, илимий-техникалык программаларды, ар кандай ядролук реакторлорду курууну жетектеген. СССР мамлекеттик (1942, 1949, 1951, 1954) жана Лениндик (1959) сыйлыктарын алган.


Ад.: Физики о себе / под ред. В. Я. Френеля. Л., 1990.