Difference between revisions of "АСТАНА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
4 -сап: 4 -сап:


''Т. Ниязов, Н. Жылдызова.''<br>
''Т. Ниязов, Н. Жылдызова.''<br>
[[Категория:1-Том]]

10:35, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АСТАНА (1961-жылга чейин А к м о л и н с к, 1961‒92-жылдарда Ц е л и н о г р а д, 1992‒98-жылдарда ‒ А к-М о л о, 1998‒2019-жылдары А с т а н а, 2019‒2022-жылдары Н у р-С у л т а н, 2022-жылдан А с т а н а) ‒ Казакстан Республикасынын борбор шаары (1997-жылдан). Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, Ишим дарыясынын боюнда, Казак Сары-Аркасынын түндүгүндө жайгашкан. Калкы 853,0 миӊ (2015). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1830-жылы Акмоло чебинин ордунда отурукташкан. 1832-жылдан Ак-Моло станицасы, 1863-жылдан округдук шаар, 1868-жылдан Ак-Моло уездинин борбору. Ташкент жана Бухарадан Россияга, Чыгыш Кытайдан Сибирге кеткен кербен жолунун маанилүү пункту болгон. 1920‒36-жылдарда Кыргыз (Казак) АССРинин курамындагы губерниянын (1920‒28), округдун (1928‒30), республикага баш ийген райондун (1930‒32), Караганда облусундагы райондун (1932‒39), 1965‒97-жылдарда облустун борбору болгон. 1939-жылдан Ак-Моло облусунун, дыӊ жерлерди өздөштүрүүдө крайдын администрация борбору болуп, экономикалык жана саясий абалы тез өсө баштаган. 1998-жылдан азыркыдай аталат.
1990-жылдын аягынан шаардын борбордук бөлүгүндө (япон архитектору К. Курокаванын генералдык долбоору боюнча) курулуш иштери жүргүзүлгөн; алар: парламент жана өкмөт үйү, президенттин резиденциясы, «Караотель» турак-жай комплекси, «Аль-Фараби» жана «Самал» кичи райондору, Конгресс-холл, "Евразия" соода борбору, Ишим дарыясындагы көпүрө жана дарыянын сол жагында бийиктиги 97 м келген «Астана-Байтерек» монументи. Анда диаметри 22 м айнек шар орнотулган. Металл шардын каркасы 3 кабат түстүү айнек менен капталган. Ал Казакстан Республикасынын 10 жылдыгына арналган көрүнүктүү монументтик курулуш. Астана ‒ Казакстандын маданий борбору. Шаарда 28 ЖОЖ (филиалдары менен), анын ичинде техникалык университет (1933-жылдан), С. Сейфуллин атындагы агрардык институту (1957), Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (1998; Москва мамлекеттик университетинин филиалы), медициналык (1964), музыка (1998) ж. б. академиялары иштейт. Китепканалары: Президенттик маданий борборунуку, Борбордук шаардык, А. Гайдар атындагы

Астана. «Байтерек» монументи.

балдар китепканалары ж. б. А. Кастеев атындагы искусство (1935), азыркы искусство (1980-ж. негизделип, 1999-ж. Алматыдан көчүрүлүп келинген), жазуучу С. Сейфуллиндин (1988) музейлери, орус драма (1940), музыкалык-драма (1991), улуттук опера жана балет (2000) театрлары, филармония (1997), оркестрлер бар. Маанилүү өнөр жай тармактары: «Казакайыл чарба машиналары», «Газмашаппарат» акционердик коому, «Астана Моторс» компаниясы, вагон ремонттоо, машина куруу, металл иштетүү, жеӊил, тамак-аш өнөр жайлары, эмерек өндүрүшү бар.

Т. Ниязов, Н. Жылдызова.