Difference between revisions of "АЙТМАТОВ Мураталы Бекматович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


''Эмг.: ''Новые в экологии и безопасности жизнедеятельности. Санкт-П.,  1999, т. 1; Ветеринарные лекарственные вещества и их применение. – Б.: 2003.
''Эмг.: ''Новые в экологии и безопасности жизнедеятельности. Санкт-П.,  1999, т. 1; Ветеринарные лекарственные вещества и их применение. – Б.: 2003.
[[Категория:1-Том]]

08:44, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЙТМАТОВ Мураталы Бекматович (16.12. 1957, Ош (азыркы Жалал-Абад) облусу, Жаңы-Жол (азыркы Аксы) району, Караван (учурда Кербен шаары) айылы – 2018, Бишкек) – ветеринария илимдеринин доктору (1997), доцент (1991), профессордун милдетин аткаруучу (2010). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1980). 1980–81-ж. КАЧИде улук лаборант, Москва ветеринария академиясынын аспиранты (1981–85). 1985–92-жылдары КАЧИнин анатомия жана акушерство кафедрасынын ассистенти, 1992–97-жылдары ушул эле институтта кафедрада доцент; Айыл жана суу чарба министрлигинде айыл чарба кеңеши кызматынын директору (1997–98); 1998–2001-жылдары директордун орун басары, 2001–02-жылдары ушул эле фонддун менеджери; 2002–05-жылдары министирликтеги Кеңеш берүү жана окутуу борборунун директору, 2005–06-жылдары ошол эле жерде башкы тренер. 2006–10-жылдары Ташкенттеги Эл аралык Борбордук Азия жана Кавказ боюнча айыл чарбасын изилдөө мекемеси – ИКАРДда илимий кызматкер; 2010-жылдан КУАУнун профессорунун милдетин аткаруучу жана биомаданий борборунун жетекчиси. Анын 123дөн ашык илимий эмгектери анын ичинде 94 методикалык жана практикалык сунуштар, 1 монография, 3 анатомия жана жалпы биология боюнча терминдердин сөздүгү, 4 илимий китептер, 9 брошюра жана 2 патенти жарык көргөн.

Эмг.: Новые в экологии и безопасности жизнедеятельности. Санкт-П., 1999, т. 1; Ветеринарные лекарственные вещества и их применение. – Б.: 2003.