Difference between revisions of "АКСЫКЕНТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


Ибн Хордадбех. Книга путей и стран. /Пер. с араб., комм., иссл., указ. и карты Н. Велиховой. Баку, 1966; Ал-Истахри. Книга путей и стран //Материалы по истории киргизов и Киргизии. М. 1973; Бартольд В. В. Ахсикент. /Соч. Т. III. М., 1965. <br>''                                                                                                                                                                                                                                              З. Э. Эралиев. ''<br>
Ибн Хордадбех. Книга путей и стран. /Пер. с араб., комм., иссл., указ. и карты Н. Велиховой. Баку, 1966; Ал-Истахри. Книга путей и стран //Материалы по истории киргизов и Киргизии. М. 1973; Бартольд В. В. Ахсикент. /Соч. Т. III. М., 1965. <br>''                                                                                                                                                                                                                                              З. Э. Эралиев. ''<br>
[[Категория:1-Том]]

09:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКСЫКЕНТ ‒ Фергана өрөөнүндөгү эң байыркы шаарлардын бири. Алгач Ибн Хордадбек (820‒912/13), Истахри (908‒951), Мукаддасинин (946/47‒1000) эмгектеринде эскерилет. Археологиялык казууларга караганда бул шаар болжол менен б. з. ч. 3‒2 кылымдарда пайда болгон жана аны кытай жазма маалыматтарындагы Даван мамлекетиндеги ири шаар ‒ Гуйшан болушу мүмкүн деп эсептелет. 10-кылымда Фергана өрөөнүндө кыркка жакын шаар болуп, борбору Аксыкент 18 чакырымдай (3 фарсах) жерди ээлеп турган. Бабурдун (1483‒1530) тушунда чоӊдугу жагынан Ферганадагы 2-шаар болгон. Аксыкент шаарынын калдыгы Сыр-Дарыянын оӊ жээгинде, азыркы КР менен чектешкен Өзбек Республикасынын Наманган шаарынын жанындагы Шаханд кыштагынан табылган. Анын чеби, шахристаны, рабаты жана чоӊ базары болгон. Байыркы Эски Ахси, моңголдор мезгилине чейинки жана Амир Темирдин тушундагы Жаӊы Ахси шаары ар түрдүү убакта бөлөк-бөлөк курулса да, жалпы жонунан Аксыкент деп аталган. Шаар соода-сатык, илим-билимдин да борбору болгон. Орто кылымдагы тарыхчы Сайф ад-Дин Аксыкенти (Мажму-ат-Таварихтин автору) ушул шаарда туулуп өскөн. 1510-жылы жер титирөөдөн кыйрап, калкы анын жанындагы Намак айылына көчүп кеткен, кийин анын ордуна Наманган шаары пайда болгон.

Ибн Хордадбех. Книга путей и стран. /Пер. с араб., комм., иссл., указ. и карты Н. Велиховой. Баку, 1966; Ал-Истахри. Книга путей и стран //Материалы по истории киргизов и Киргизии. М. 1973; Бартольд В. В. Ахсикент. /Соч. Т. III. М., 1965.
З. Э. Эралиев.