Difference between revisions of "АБУ-Л-ГАЗИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)
 
1 -сап: 1 -сап:
'''АБУ-Л-ГАЗИ''' Баатыр (Бахадур) хан (24. 8. 1603, Үргөнч–1664, Хива) – Хива ханы (1643–1663), тарыхчы. Бухара хандыгынын ханы (1500–1510) ''Мухаммед Шейбанинин'' (Шайбак, Шайбек, Шахибек) тукуму, Хива ханы (1602–1621) Араб Мухаммеддин уулу. 1620-жылы атасы ага Кыят аймагын энчилеген, көп өтпөй бир туугандары менен араздашып, адегенде Самаркандка, андан 1626-жылы казак ханы (1598–1628) Эшимдин алдына качып, үч айдан кийин анын атааңдашы Ташкент шаарын бийлеген (1613–1627) Турсун Мухаммедке келген. Эки жылдан кийин Хиваны алууга жасаган аракетинен майнап чыкпай, Сефевиддердин шахы (1628–1641) Сефи Iнин алдына барып баш калкалаган. Ал жактан Балкан жарым аралына качып, кийинчерээк калмактардын ханы Хо-Өрүлүккө (1644-жылы өлгөн), андан Арал деңизинин айланасындагы көчмөн казак, өзбек, каракалпак  урууларынын ичинде туруп, алардын колдоосу менен 1643-жылы Хиванын тагын алган. 1663-жылы Хива хандыгынын тагын уулу Ануш-ханга өткөрүп берип, 1664-жылы дүйнөдөн кайткан. Абул-л-Гази ошол мезгилдердеги билимдүү адамдан болуп, түрк элдеринин тарыхын жакшы билиши менен айырмаланган. Анын 1661-жылы жазылган «Шажарай-йи-таракима»(«Түркмөндөрдүн санжырасы») жана 1665-ж. бүткөн «Шажарай-и-түрк» («Түрк элдеринин санжырасы»)  аттуу эки эмгеги белгилүү. «Шажарай-и-түрк» алгач француз (1726), орус (1770, 1780), немец (1780) тилдерине которулуп, басылып чыккан. Анда ''Чыңгыз-хандан'' мурунку, ошондой эле өзүнүн тушундагы Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыштагы орчундуу окуялар камтылган. Айрымдары кыргыз санжыраларына үндөшкөнү байкалып, ал эмгектен Борбордук Азияда жашаган урууларга тиешелүү тарыхый, этнографиялык баалуу маалыматтарды алууга болот''.'' Абул-л-Газинин эмгектерин ''Осмоналы Сыдык уулу'', ''Белек Солтоноев'' ж. б. сыяктуу кыргыздын белгилүү тарыхчылары, ошондой эле Орто Азия элдеринин байыркы тарыхын изилдеген чет элдик окумуштуулар да кеңири пайдаланышкан.

[[Категория:1-Том]]

16:38, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБУ-Л-ГАЗИ Баатыр (Бахадур) хан (24. 8. 1603, Үргөнч–1664, Хива) – Хива ханы (1643–1663), тарыхчы. Бухара хандыгынын ханы (1500–1510) Мухаммед Шейбанинин (Шайбак, Шайбек, Шахибек) тукуму, Хива ханы (1602–1621) Араб Мухаммеддин уулу. 1620-жылы атасы ага Кыят аймагын энчилеген, көп өтпөй бир туугандары менен араздашып, адегенде Самаркандка, андан 1626-жылы казак ханы (1598–1628) Эшимдин алдына качып, үч айдан кийин анын атааңдашы Ташкент шаарын бийлеген (1613–1627) Турсун Мухаммедке келген. Эки жылдан кийин Хиваны алууга жасаган аракетинен майнап чыкпай, Сефевиддердин шахы (1628–1641) Сефи Iнин алдына барып баш калкалаган. Ал жактан Балкан жарым аралына качып, кийинчерээк калмактардын ханы Хо-Өрүлүккө (1644-жылы өлгөн), андан Арал деңизинин айланасындагы көчмөн казак, өзбек, каракалпак  урууларынын ичинде туруп, алардын колдоосу менен 1643-жылы Хиванын тагын алган. 1663-жылы Хива хандыгынын тагын уулу Ануш-ханга өткөрүп берип, 1664-жылы дүйнөдөн кайткан. Абул-л-Гази ошол мезгилдердеги билимдүү адамдан болуп, түрк элдеринин тарыхын жакшы билиши менен айырмаланган. Анын 1661-жылы жазылган «Шажарай-йи-таракима»(«Түркмөндөрдүн санжырасы») жана 1665-ж. бүткөн «Шажарай-и-түрк» («Түрк элдеринин санжырасы»)  аттуу эки эмгеги белгилүү. «Шажарай-и-түрк» алгач француз (1726), орус (1770, 1780), немец (1780) тилдерине которулуп, басылып чыккан. Анда Чыңгыз-хандан мурунку, ошондой эле өзүнүн тушундагы Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыштагы орчундуу окуялар камтылган. Айрымдары кыргыз санжыраларына үндөшкөнү байкалып, ал эмгектен Борбордук Азияда жашаган урууларга тиешелүү тарыхый, этнографиялык баалуу маалыматтарды алууга болот. Абул-л-Газинин эмгектерин Осмоналы Сыдык уулу, Белек Солтоноев ж. б. сыяктуу кыргыздын белгилүү тарыхчылары, ошондой эле Орто Азия элдеринин байыркы тарыхын изилдеген чет элдик окумуштуулар да кеңири пайдаланышкан.