Difference between revisions of "Иманалиев Элмирбек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
5 -сап: 5 -сап:

Кадимки атактуу Чоңко элинин уулу 5 жашынан комуз кармаган. Айылындагы Ак-Жар орто мектебинен 7-классты аяктагандан кийин окуусун Бишкек шаарында улантып, Улуттук филармониянын алдындагы студияны бүтүргөн. 1994–1998-жылдар аралыгында Республикалык «Сейтек» балдар борборунда, Т. Сатылганов атындагы филармонияда, андан соң Шаршен Термечиков атындагы театрда иштеген. 2000–2004-жылдары билимин улантып Кыргыз Мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетин аяктаган. Төкмө акындардын мектебине айланган республикалык «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган фонддо 5 жыл төрагалык кызмат аткарган. Көп өнөрдү аркалагандардын бири.
Кадимки атактуу Чоңко элинин уулу 5 жашынан комуз кармаган. Айылындагы Ак-Жар орто мектебинен 7-классты аяктагандан кийин окуусун Бишкек шаарында улантып, Улуттук филармониянын алдындагы студияны бүтүргөн. 1994–1998-жылдар аралыгында Республикалык «Сейтек» балдар борборунда, Т. Сатылганов атындагы филармонияда, андан соң Шаршен Термечиков атындагы театрда иштеген. 2000–2004-жылдары билимин улантып, Кыргыз Мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетин аяктаган. Төкмө акындардын мектебине айланган республикалык «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган фонддо 5 жыл төрагалык кызмат аткарган. Көп өнөрдү аркалагандардын бири.

'''Жетишкендиктери'''
'''Жетишкендиктери'''
45 -сап: 45 -сап:
2016-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылган.
2016-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылган.

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма тетарында коюлган С. Алтымышевдин «Токтогул» драмасында – башкы ролдо Токтогулдун образын жаратты.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма тетарында коюлган С. Алтымышевдин «Токтогул» драмасында – башкы ролдо Токтогулдун образын жараткан.

Булардан сырткары «Манас» баштаган жана башка дастандарды айтып, эл жүрөгүнөн орун алган обондорду жаратты.
Булардан сырткары «Манас» баштаган жана башка дастандарды айтып, эл жүрөгүнөн орун алган обондорду жаратты.

Өмүрүнүн акыркы жылдары «Айтыш» Кыргыз фондунун устаты, «Төкмө келсе төр бошот» теле долбоорунун негиздөөчүсү, кийинки жаш акындардын улуу устаты болуп келген.
Өмүрүнүн акыркы жылдары «Айтыш» Кыргыз фондунун устаты, «Төкмө келсе төр бошот» теле долбоорунун негиздөөчүсү, кийинки жаш акындардын улуу устаты болуп келген.

08:23, 1 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ИМАНАЛИЕВ Элмирбек Калилович (1978-жыл, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Өзгөрүш айылы – 20. 4. 2020-жыл, Бишкек шаары) – ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти.

Иманалиев Элмирбек

Кадимки атактуу Чоңко элинин уулу 5 жашынан комуз кармаган. Айылындагы Ак-Жар орто мектебинен 7-классты аяктагандан кийин окуусун Бишкек шаарында улантып, Улуттук филармониянын алдындагы студияны бүтүргөн. 1994–1998-жылдар аралыгында Республикалык «Сейтек» балдар борборунда, Т. Сатылганов атындагы филармонияда, андан соң Шаршен Термечиков атындагы театрда иштеген. 2000–2004-жылдары билимин улантып, Кыргыз Мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетин аяктаган. Төкмө акындардын мектебине айланган республикалык «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган фонддо 5 жыл төрагалык кызмат аткарган. Көп өнөрдү аркалагандардын бири.

Жетишкендиктери

1993-жыл – Бишкек шаарында өткөн «Ак таңдай-93» акындар айтышында – «Баш байге»;

1997-жыл – «Жалгыздыктан жадап бүттүм» аттуу обондуу ыры «Жылдын эң мыкты ыры» наамына татыган;

2000-жыл – Жалал-Абад шаарында өткөн «Курманбек-500» мааракесине арналган эпосту айтуучулардын республикалык сынагында – «Баш байге»;

2000-жыл – Бишкек шаарында өткөн Жеңижок акындын 140 жылдык мааракесине арналган эл аралык акындар айтышында – «Баш байге»;

2001-жыл – А. Огомбаевдин 100 жылдыгына арналып, «Манас Ордодо» өткөн «Талас таңшыйт» эл аралык фестивалындагы акындар айтышында – «Баш байге»;

2002-жыл – Жаз майрамына карата Бишкек шаарында өткөн республикалык айтышта – «Баш байге»;

2002-жыл – «Айтыш-2002» эл аралык айтышында – «Баш байге»;

2002-жыл – Казакстан Республикасынын эгемендик күнүнө арналып, Түркстан шаарында өткөн эл аралык айтышта 3-орун;

2002-жыл – Казакстандын Оң түштүк Казакстан обулусунун 70 жылдык урматына арналып, Шымкент шаарында өткөн эл аралык айтышта – 2-орун;

2002-жыл – Айтылуу Ашыраалы Айталиевдин 75 жаш кутман курагына арналып өткөн эл аралык айтышта – «Баш байге»;

2003-жыл – Казакстандын борбору Астана калаасында өткөн эл аралык айтышта – 1-орун;

2003-жыл – Эгемендүүлүк күнгө карата «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына» арналган эл аралык «Айтыш – 2003» сынагында – «Баш байге»;

2011-жыл – Барпы Алыкуловдун 120-жылдыгына арналган республикалык айтышта – «Баш байге»;

2012-жыл – Абды Сүйөркуловдун 100 жылдыгына арналган республикалык айтышта – «Баш байге»;

2013-жылы Нооруз майрамына арналган эл аралык айтышта – «Баш байге»;

2013-жылы Райкан Шүкүрбековдун 100-жылдыгына арналган эл аралык айтышта – «Баш байге»;

2010-жыл – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери.