Difference between revisions of "БИХАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Temirkan moved page БИХА́Р to БИХАР)
(Айырма жок)

10:58, 27 Февраль (Бирдин айы) 2024 -деги абалы

БИХАР – Индиянын түндүк -чыгышындагы тарыхый облус, 1950-жылдан Индия республикасынын штаты. Ганга түздүгүндө жайгашып, түндүгүнөн Непал, чыгышынан Батыш Бенгалия, батышынан Мадхья-Прадеш жана Уттар-Прадеш, түштүгүнөн Джаркханд штаттары менен чектешет. Аянты 94 миң км2. Калкы 90,3 млн киши (2005). Админстрациялык Борбору – Патна. Бихар салты Будда Шакьямунинин (б. з. ч. 6–5-к.) ишмердүүлүгү менен байланышкан. Гупта жана Ашока (б. з. ч. 3-к.) империяларынын тушунда Бихар гүлдөп өнүккөн. Бихар 12-кылымдын аягы–18-кылымдын ортосунда Дели султанатынын, Улуу Моголдор мамлекетинин курамында. 1757–65-жылдары англиялыктарга, 1911-жылдан Британдык Индия провинциясына баш ийген.