Difference between revisions of "АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ,''' А б у Бакр Мухаммед ибн Жафар а н-Н а р ш а х и (899–959) – орто азиялык тарыхчы. Бухаранын түндүгүндөгү Наршах кыштагында туулган. 943–44-жылдары араб тилинде Саманиддер эмири Нух ибн Насрга (943–954) арнап, «Бухара тарыхы» («Тарих-и Бухара») эмгегин жазган. Анын бул эмгеги 7–12-кылымдагы | '''АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ,''' А б у Бакр Мухаммед ибн Жафар а н-Н а р ш а х и (899–959) – орто азиялык тарыхчы. Бухаранын түндүгүндөгү Наршах кыштагында туулган. 943–44-жылдары араб тилинде Саманиддер эмири Нух ибн Насрга (943–954) арнап, «Бухара тарыхы» («Тарих-и Бухара») эмгегин жазган. Анын бул эмгеги 7–12-кылымдагы Бухаранын <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Заравшан дарыясынын төмөнкү агымындагы оазистин тарыхы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> топографиясы боюнча баалуу булак. Анда Орто Азиянын тарыхы, арабдар келгенге чейинки (7–12-кылым) Бухара аймагы жөнүндө маалыматтар бар, ошондой эле Орто Азияны арабдардын каратуусу, Абруйдун <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Муканнанын көтөрүлүштөрү, исламдын буддизм <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> христиан динин сүрүп чыгаруусу жөнүндө да айтылган. Аталган эмгекти алгач француз чыгыш таанычуусу Ш. Шефер которуп, 1892-жылы жарык көргөн. 1897-жылы орус тилине Н. С. Лыкошин которгон. | ||
Ад.: Мухаммад Наршахи. История Бухары. Таш., 1897. | Ад.: Мухаммад Наршахи. История Бухары. Таш., 1897. |
11:54, 12 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ, А б у Бакр Мухаммед ибн Жафар а н-Н а р ш а х и (899–959) – орто азиялык тарыхчы. Бухаранын түндүгүндөгү Наршах кыштагында туулган. 943–44-жылдары араб тилинде Саманиддер эмири Нух ибн Насрга (943–954) арнап, «Бухара тарыхы» («Тарих-и Бухара») эмгегин жазган. Анын бул эмгеги 7–12-кылымдагы Бухаранын жана Заравшан дарыясынын төмөнкү агымындагы оазистин тарыхы жана топографиясы боюнча баалуу булак. Анда Орто Азиянын тарыхы, арабдар келгенге чейинки (7–12-кылым) Бухара аймагы жөнүндө маалыматтар бар, ошондой эле Орто Азияны арабдардын каратуусу, Абруйдун жана Муканнанын көтөрүлүштөрү, исламдын буддизм менен христиан динин сүрүп чыгаруусу жөнүндө да айтылган. Аталган эмгекти алгач француз чыгыш таанычуусу Ш. Шефер которуп, 1892-жылы жарык көргөн. 1897-жылы орус тилине Н. С. Лыкошин которгон.
Ад.: Мухаммад Наршахи. История Бухары. Таш., 1897.