Difference between revisions of "АУБАКИРОВ Маннаф"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

Маннаф (1925, Чыгыш Казакстан обл., Зайсан ш.‒ 1945, Германия) ‒ Даӊк орденинин толук кавалери. Советтик Армияга 1943-ж. мартта Кыргыз ССРинин Кочкор р-ндук аскер

комиссариаты тарабынан чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка Степной, 1-Беларус ж-а 2-Прибалтика фронтторунун курамында замбиректин командири болуп катышкан. Курск салгылашуусунда, Пулавск плацдармында ж-а душмандын Варшава ‒ Радомск топторун талкалоодогу эр

АУБАКИРОВ43.png

диги үчүн 3-даражадагы (25. 8. 1944), Нова-Валя кыш. бошотуудагы эрдиги үчүн 2-даражадагы (17. 2. 1945) Даӊк орденин алган. 1945-ж. Берлин операциясына катышып, Лебус ш-на (Германия) жакын жердеги урушта курман болгон. Ошондогу каармандыгы үчүн кийин 1-даражадагы Даӊк ордени м-н сыйланган (15. 5. 1946). Баатыр жоокердин сөөгү Франкфурт-на-Одерде ги Шторков ш-нын четине коюлган.