Difference between revisions of "ЖУМАЛИЕВ Сардарбек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
110 -сап: 110 -сап:


Арашан. Обондуу ырлар: Кыргызстан, 1980.
Арашан. Обондуу ырлар: Кыргызстан, 1980.
 
[[Файл:Наамдары.jpg|thumb]]
'''Наамдары жана сыйлыктары'''
'''Наамдары жана сыйлыктары'''



10:05, 15 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ЖУМАЛИЕВ Сардарбек (5. 2. 1941-жылы туулган, Чүй облусу, Ысык-Ата (мурдагы Кант) району, Жар-Башы айылы) – обончу, композитор, дирижер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1987), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999), Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижёру.

Жумалиев С.jpg

Өмүрү жана чыгармачылыгы

Атасы жамактатып ырдап, комузда кол ойнотсо, энеси темир комуз какчу. Ошондон улам жаштайынан эле музыкага жакын өсүп, комуз, мандолина черткенди үйрөнүп алган. Башталгыч мектепти айылдан окуп, 1955-жылы М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын алдындагы балдардын музыкалык мектебинин комуз классын бүтүргөн. 1959–1962-жылдары М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган. 1958-жылы Москва шаарында өткөн Кыргыз ССРинин маданияты жана адабиятынын күндөрүнүн 2-декадасына катышкан. Эмгек жолун 1959-жылы М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуп жүргөн кезинде эле Кыргыз мамлекеттик филармониясында эл аспаптар оркестринде артист-музыкант болуп иштөөдөн баштайт, 1964–1967-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1968–1972-жылдары тунгуч кыргыз эстрадалык ансамблинде солист-аспапчы болуп иштеген. 1972–1975-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунун 2 жылдык даярдоо курсунда теориялык-композитордук факультетинде композиция боюнча профессор М. Абдраевден, профессор К. Молдобасановдон, факультативдик-дирижерлук боюнча профессор И. Давлесовдон окуган. 1975–1977-жылдары Республикалык Эл чыгармачыл үйүндө музыкалык редактор болуп эмгектенген. 1984-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтун сырттан окуп бүтүргөн. Анын «Таң сыры», «Сары-Челек», «Сен менин жазылбаган ырларымсың», «Жаңы жылды тосолу», «Ысык-Ата Арашан», «Махабат мекени», «Кетпейм сага жолукмайынча» жана башка жүздөн ашык обондору бар. Ал тарабынан Чүй облусунун «Сары Өзөн» гимни, «Кыргыз Улуттук университетинин гимни», «Токой чарбасынын гимни», «Манас балдар мектебинин гимни», «Кыргыз патентинин гимни», Бишкек шаарынын «Бишкегим» аттуу гимни жазылган.

Аткарылып жүргөн чыгармалары

·       «Ажайып элес» (сөзү Т. Кожомбердиевдики);

·       «Азаттык ыры» (сөзү А. Рыскуловдуку);

·       «Ак көгүчкөн» (сөзү Ж. Султаналиевдики);

Оркестр.jpg

·       «Ак шумкар» (с.Ш. Дүйшеевдики);

·       «Аларча» (сөзү А. Рыскуловдуку);

·       «Ардагым сен» (сөзү И. Исаковдуку);

·       «Бегимайдын ыры» (сөзү А. Чойбекованыкы);

·       «Бишкегим» (сөзү К. Урманбетовдуку);

·       «Бишкекке сулуу таң атат» (сөзү С. Жусуевдики);

·       «Болсо экен дейм бактылуу» (сөзү К. Оторбаевдики);

·       «Гүлдө Кыргызстан» (сөзү К. Урманбетовдуку);

·       «Жайкы кеч» (сөзү К. Курманбаевдики);

·       «Жайкы түндө назик үн» (сөзү Т. Кожомбердиевдики);

·       «Жан эркем» (сөзү А. Өмүркановдуку);

·       «Жаңы жылды тосолу» (сөзү Т. Кожомбердиевдики);

·       «Жашоо кумары» (сөзү Ж. Бузурманкуловдуку);

·       «Жаштыкта» (сөзү Б. Алыбаевдики);

·       «Жигитай» (сөзү Н. Байтемировдуку);

·       «Жигиттерге» (сөзү К. Оторбаевдики);

·       «Кетпейм сага жолукмайынча» (сөзү А. Өмүркановдуку);

·       «Көл боюнда» (сөзү Ш. Куловдуку);

·       «Күтүү» (сөзү А. Өмүркановдуку);

·       «Кыздын ыры» (сөзү Т. Кожомбердиевдики);

·       «Кыргыз жери – кымбатым» (сөзү Т. Кожомбердиевдики);

·       «Кыргыз элим» (сөзү Ш.Куловдуку);

·       «Майрам шаңы» (сөзү Ш. Дүйшеевдики);

·       «Махабат мага кымбатсың» (сөзү Т. Кожомбердиевдики);

·       «Махабат мекени» (сөзү А. Рыскуловдуку)

·       «Махабат нуру» (сөзү К. Курманбаевдики);

·       «Мекеним сенден башталат» (сөзү Ш. Дүйшеевдики);

·       «Мектеп вальсы» (сөзү Т. Кожомбердиевдики);

·        «Раймалынын ыры» (сөзү Д. Садырбаевдики);

·       «Сапардамын» (сөзү Т. Кожомбердиевдики);

·       «Сары өзөн» (сөзү А. Рыскуловдуку);

·       «Сары-Челек» (сөзү А. Исаевдики);

·       «Сен менин жазылбаган ырларымсың» (сөзү Б. Алыбаевдики);

·        «Өскөн айлым – Жар-Башым» (сөзү С. Медетбековдуку);

·       «Өчпөгөн үмүт» (сөзү К. Курманбаевдики);

·       «Сүйүктүү шаарым – Токмогум» (сөзү М. Тойбаевдики);

·       «Тагдырым сени мага жолуктурган» (сөзү А. Чойбекованыкы);

·       «Таң сыры» (сөзү А. Исаевдики);

·       «Толкундар» (сөзү Т. Кожомбердиевдики);

·       «Үзүлбөгөн үмүттөр» (сөзү Т. Кожомбердиевдики);

·       «Унутпагын өткөндү» (сөзү Т. Кожомбердиевдики);

·       «Унутулгус элестер» (сөзү А. Карыбаевдики);

·       «Ысык-Ата-Арашан» (сөзү Т. Кожомбердиевдики);

·       «Эсиңе ал» (сөзү А. Өмүркановдуку);

·       «Эстегенде» (сөзү А. Өмүркановдуку).

Дисктери

Толкундар – Г. Мамашева, Дзержинский бульварым (Т. Имашев) – К. Кожомкулов, Таң сыры (А. Исаев) – Д. Жалгасынова. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035861 62 005.

Ноталуу китептери

Арашан. Обондуу ырлар: Кыргызстан, 1980.

Наамдары.jpg

Наамдары жана сыйлыктары

1990-жылы А. Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыгын, 1990-жылы «Эмгектин ардагери» медалын, 2007-жылы Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалын, 2007-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын сыйлыгын алган.

II (2021) жана III (2016) даражадагы «Манас» ордендери, «Эмгек ардагери» (1990), «Манас-1000» (1995) юбилейлик медалдары менен сыйланган.

2014-жылдын 17-апрелинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин жалпы маданий мейкиндигин калыптандырууга жана өнүктүрүүгө, маданият менен искусство, билим берүү, чыгармачылык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу идеяларын ишке ашырууга кошкон зор салымы үчүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын «Маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн» ардак белгиси ыйгарылган. Бишкек шаарынын ардактуу атуулу.

Композитор чыгармачылык жолунда 200гө жакын обон жазып, 60ка жакынын оркестрге салган. Кыргыз Республикасынын эл артисти 65 жылдан бери филармонияда иштеп, 1977-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижерлугун аркалап келет.