Difference between revisions of "БААЛУУЛУК ТЕОРИЯСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


''М. Жумагулов, Ж. К. Асанов.''<br>
''М. Жумагулов, Ж. К. Асанов.''<br>
[[Категория:1-Том]]

11:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

БААЛУУЛУК ТЕОРИЯСЫ, а к с и о л о г и я (гр. axia ‒ баалуулук жана logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктун табияты жөнүндө, алардын реалдуулукта жана баалуулук дүйнөсүнүн структурасында алган орду, башкача айтканда ар түрдүү баалуулуктардын социалдык, маданий факторлор жана инсандын структурасынын өз ара байланышы жөнүндөгү философиялык окуу. Баалуулук теориясы жалпы жонунан бул же тигил доордо маданий салттардын баркы түшкөндүгүнөн жана коомдун туруктуу көз карашынын дискредитацияланышынан пайда болуп турган. Баалуулук багыттары инсандын ички, рухий түзүлүшүнүн маанилүү элементтери. Анын мазмунун адамдын саясий, философиялык адептик ишеничтери, башкача айтканда анын тереӊ жана туруктуу байланыштары, жүрүм-турумдун адептик принциптери түзөт.

М. Жумагулов, Ж. К. Асанов.