Difference between revisions of "АХЕМЕНИДДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
4 -сап: 4 -сап:


Персеполь, Вавилон, Сузы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Экбатана мамлекеттин борбору болуп турган. Ахемениддердин аскердик күчү начарлаган сайын Ахемениддер державасы кыйрай баштайт. Б. з. ч. 330-жылы ''Александр Македонскийдин'' соккусу астында Ахмениддер мамлекети жоюлган.<br>
Персеполь, Вавилон, Сузы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Экбатана мамлекеттин борбору болуп турган. Ахемениддердин аскердик күчү начарлаган сайын Ахемениддер державасы кыйрай баштайт. Б. з. ч. 330-жылы ''Александр Македонскийдин'' соккусу астында Ахмениддер мамлекети жоюлган.<br>
[[Категория:1-Том]]

10:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АХЕМЕНИДДЕР‒ Байыркы Персия державасынын падышалар династиясы (б. з. ч. 558‒330). Династиянын түпкү теги б. з. ч. 8-кылымдагы перс уруулар союзунун башчысы Ахеменден башталат. Ахемендин тукуму Улуу Кир II (558‒530) Жакынкы жана Орто Чыгыштын өлкөлөрүнүн көбүн бириктирген зор империяга негиз салган. Кийинчерээк Мидияны, Азиянын көп бөлүгүн (545‒539), Вавилонияны (539), Египетти (525), Фракияны, Македонияны жана Индиянын түндүк-батыш бөлүгүн (519‒512) жеӊип алат. Кир IIден кийин державаны Камбис II (530‒522), Дарий I (522‒486), Ксеркс I (486‒465), Артаксеркс I (465‒424), Ксеркс II (424), Согдиан (424‒423), Дарий II (423‒404), Артаксеркс II (404‒358), Артаксеркс III (358‒338), Арсес (338‒336), Дарий III (336‒330) башкарган. Дарий Iнин тушунда (б. з. ч. 552‒486) Персия дүйнөдөгү ири күч‑кубаттуу мамлекетке айланып, Жакынкы жана Ортонку Чыгыштагы өлкөлөрдүн көпчүлүгү анын курамына кирген.

АХЕМЕНИДДЕР67.png

Ахеменид жоокери. Лувр (Париж).

Персеполь, Вавилон, Сузы жана Экбатана мамлекеттин борбору болуп турган. Ахемениддердин аскердик күчү начарлаган сайын Ахемениддер державасы кыйрай баштайт. Б. з. ч. 330-жылы Александр Македонскийдин соккусу астында Ахмениддер мамлекети жоюлган.