Difference between revisions of "ВАСИЛЕВСКИЙ Александр Михайлович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

11:51, 29 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

ВАСИЛЕВСКИЙ Александр Михайлович [18 (30). 9. 1895, Кострома губерниясы, Кинешемск уезди, Жаны Гольчиха кыштагы – 5. 12. 1977, Москва) – советтик аскер ишмери, Советтер Союзунун Маршалы (1943), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1944, 1945). Кострома диний семинариясын (1914), Алексеев аскердик окуу жайын (1915), Генштаб аскер академиясын (1937) бүтүргөн. Биринчи дүйнөлүк согушта взвод, рота командири, штабс-капитан. 1917-ж. демобилизацияланган. 1918–19-ж. граждандарды аскерге даярдоо системасында инструктор, андан кийин Тула губерниясынын Новосильск уездине караштуу Верховье жана Подьяковлево кыштагында мугалим, 1919-жылдын апрель айынан Кызыл Армиянын катарында. 1917–22-ж. граждандык согуш мезгилинде взвод, рота, батальон командири, полк командиринин жардамчысы, 1920-ж-дагы совет-поляк согушунун катышуучусу, 1920–36-ж. Кызыл Армиянын курамында командалык жана штабдык кызматтарда. 1936-ж. күзүндө Генштабдын Аскер академиясына кабыл алынган 1940-жылдан Генштабдын Оперативдик башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде 1941-жылдын августунан Генштабдын начальнигинин орун басары – Оперативдик башкармалыктын начальниги, 1942-жылдын июнунан Генштабдын начальниги, октябрь айынан бир эле учурда СССР Коргоо эл комиссарынын орун басары, Жогорку Башкы командачынын тапшырмасы боюнча Сталинград (1942–43), Курск (1943) салгылаштарында ж. б. бир катар ири согуштук операцияларды координациялаган. 1945-ж. февралдан Жогорку Башкы командачынын Ставкасына киргизилип, 3-Белорус фронтунда командачы. Ал Чыгыш Пруссияны жана Кёнигсберг шаарын алуу операциясын ийгиликтүү жүргүзгөн. 1945-ж. совет-япон согуш учурунда Ыраакы Чыгыштагы советтик аскерлерге Башкы командачы болуп, япондук Квантун армиясын талкалоого катышкан. 1946-жылдан Генштабдын начальниги, СССРдин Куралдуу Күчтөр министринин орун басары, биринчи орун басары, 1949–53-ж. Куралдуу Күчтөр министри, 1953–56-ж. СССР Коргоо министринин биринчи орун басары, 1956–57-ж. Коргоо министринин аскер илими боюнча орун басары болуп иштеген. 2 Жениш, 8 Ленин, 1-даражадагы Суворов ордендери жана медалдар менен сыйланган.