Difference between revisions of "БЕЙШЕНАЛИЕВ Алмазбек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

09:35, 29 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

БЕЙШЕНАЛИЕВ Алмазбек (2. 6. 1981-жылы туулган,  Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы) – филолог, тарых илимдеринин доктору (2018), педагогика илимдеринин кандидаты (2011). НМУнун филология факультетин (2001), Людвигсбург шаарында (Германия) PH - Людвигсбург педагогикалык университетинин магистратурасын (2007), И. Арабаев атн. КПМУнун аспирантурасын (2011) бүтүргөн. 2007–10-ж. Жаш ишкерлер ассоциациясы башкармалыгынын төрагасы, президенти, 2008–10-ж. Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу, 2012–13-ж. Вистула (Варшава, Польша) университетинде Чет тилдер институтунун директору, проректору, 2013–14-ж. Джонс Хопкинс университетинде (АКШ) докторант, 2014–17-ж. Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректор, 2017–18-ж. КР Өкмөтүнүн Аппаратында билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, 2018–20-ж. Борбордук Азия регионалдык институтунун директору, 2020-жылдан КРдин Билим берүү жана илим министри. Түндүк Айова (АКШ) университетинин профессору (2013), Джонс Хопкинс (АКШ) университетинин профессору (2016). 41 жергиликтүү жана 23 эл аралык илимий журналдардагы макалалардын, китептердин, ошондой эле 4 илимий эмгектин, билим берүү жаатындагы бир катар изилдөөлөрдүн автору.