Difference between revisions of "АСФАЛЬТ-БЕТОН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


ж ы л у у (40‒80°С), м у з д а к (10°), кошула турган техзаттын кесектиги боюнча к е с е к, о р т о  <span cat="ж.кыск" oldv="ж-а">жана</span>  м а й д а  д а н д у у, ошондой эле к у м д у у Асфальт-бетон болуп ажыратылат.<br>
ж ы л у у (40‒80°С), м у з д а к (10°), кошула турган техзаттын кесектиги боюнча к е с е к, о р т о  <span cat="ж.кыск" oldv="ж-а">жана</span>  м а й д а  д а н д у у, ошондой эле к у м д у у Асфальт-бетон болуп ажыратылат.<br>
[[Категория:1-Том]]

10:37, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АСФАЛЬТ-БЕТОН , а с ф а л ь т - б е т о н у ‒ шагыл, кум, минерал күкүмүнүн (майдаланган акиташ, доломит ж. б.) битум менен болгон аралашмасынан алынган курулуш текзаты (материалы); аралашмага шагыл кошулбаса, асфальт эритмеси деп аталат. Ал даярдалышына жана төшөлүү учурундагы температурасына карай ы с ы к (120°Сден жогору), ж ы л у у (50‒100°С), м у з д а к (5°Сден кем эмес) болуп бөлүнөт. Бул түрү сактоочу жайда 8‒10 ай сакталат. Асфальт бетонго суу жукпайт жана өтпөйт. ‒15°Сде анын бышыктык чеги 15‒20 МПа, 20°Сде 2‒3 МПа, 50°Сде 0,8‒1,2 МПады түзөт. Климаттын өзгөрүшүнөн жана эксплуатациялоо факторлорунан Асфальт бетон эскирип, коӊторулууга дуушарланат. Азыркы технология боюнча рециклер машинасы аны регенерациялайт, башкача айтканда коӊторулгандарын экинчи ирет кайра иштетет. Автомобиль жолу, жанжол, аэродром жана көпүрөлөргө, өнөр жай имараттарынын таманына төшөлөт. Битумдун илээшкектигине (жакшы, начар, суюк) жана төшөлүү учурундагы температурасына карай ы с ы к (120°С),

ж ы л у у (40‒80°С), м у з д а к (10°), кошула турган техзаттын кесектиги боюнча к е с е к, о р т о жана м а й д а д а н д у у, ошондой эле к у м д у у Асфальт-бетон болуп ажыратылат.