Difference between revisions of "АРТРИТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
1 -сап: 1 -сап:
'''АРТРИТ''' (гр. Arthron муун) – муундардын  сезгенүү оорусу. Бир муун сезгенсе – моноартрит, бир нече муун сезгенсе ''полиартрит'' деп  аталат. Көптөгөн жугуштуу оорулар (кургак учук, сүзөк, бруцеллез, келте, ич өткөк, ангина  ж. б.), өнөкөт инфекциялар, кызыл жүгүрүк,  гайморит, кариес, муундун чыгышы ж.б. себеп  болот. Анын катуу кармаган <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> өнөкөт түрлөрү бар. Артрит инфекциялык (ревматизм, бруцеллез), дистрофиялык (подагра, остеоатроз ж. б.),  травмалык ж. б. болуп бөлүнөт. Ага суук тийүү,  иммундук системанын начарлашы, өнөкөт уулануу түрткү берет. Белгилери – муун шишип,  кызарат, ооруйт, эти ысыйт. Өз убагында врачка кайрылуу, туура дарылануу оорунун толук  айыгып кетишине жардам берет. Оорулуу көпкө  дарыланбай же өз алдынча дарылануудан оору  создугуп, күчөп өнөкөт түрүнө өтөт. Мындан  муундардын кыймылынын азайышы же кыймылсыз болуп калышы мүмкүн. Аны алдын  алууда жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо керек. Ошондой эле муздап калуудан сактануу,  организмди чыңдоо, эмгек, тиричилик шартын  жакшыртуу чоң мааниге ээ.<br>

[[Категория:1-Том]]

10:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРТРИТ (гр. Arthron муун) – муундардын сезгенүү оорусу. Бир муун сезгенсе – моноартрит, бир нече муун сезгенсе полиартрит деп аталат. Көптөгөн жугуштуу оорулар (кургак учук, сүзөк, бруцеллез, келте, ич өткөк, ангина ж. б.), өнөкөт инфекциялар, кызыл жүгүрүк, гайморит, кариес, муундун чыгышы ж.б. себеп болот. Анын катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Артрит инфекциялык (ревматизм, бруцеллез), дистрофиялык (подагра, остеоатроз ж. б.), травмалык ж. б. болуп бөлүнөт. Ага суук тийүү, иммундук системанын начарлашы, өнөкөт уулануу түрткү берет. Белгилери – муун шишип, кызарат, ооруйт, эти ысыйт. Өз убагында врачка кайрылуу, туура дарылануу оорунун толук айыгып кетишине жардам берет. Оорулуу көпкө дарыланбай же өз алдынча дарылануудан оору создугуп, күчөп өнөкөт түрүнө өтөт. Мындан муундардын кыймылынын азайышы же кыймылсыз болуп калышы мүмкүн. Аны алдын алууда жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо керек. Ошондой эле муздап калуудан сактануу, организмди чыңдоо, эмгек, тиричилик шартын жакшыртуу чоң мааниге ээ.