Difference between revisions of "АРПА КӨРҮСТӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


''К. Табалдиев.''<br>
''К. Табалдиев.''<br>
[[Категория:1-Том]]

10:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРПА КӨРҮСТӨНҮ– б. з. ч. 2-миң жылдыктын ортосуна таандык археологиялык эстелик. 1944-жылы Ат-Башы районунун Арпа суусунун оң өйүзүндөгү Жалгыз үй деген жерде 2 көрүстөн табылып, А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Көрүстөндүн диаметри 12–18 м, бийикт. 0,40–0,60 м 1-көрүстөндүн көлөмү төрт чарчы, капталындагы жалпак таштары кырынан орнотулган. 1- көрүстөндөн чопо идиш, 2-көрүстөндөн чоподон жасалган 3 идиш (экөөнүн бетинде оймосу болгон), идиштерден тышкары, өрттөп көмүлгөн адамдын сөөк калдыктарын табышкан. 1945-жылы дагы төрт көрүстөн казылып, алардан өрттөлгөн адамдын сөөк калдыктары, көрүстөндүн биринин ич жагындагы коргончосунан күлдүн калдыктары, өрттөлгөн адамдын сөөгү, жылдызча түрүндөгү 36 шуру, оюусу жок 2 чопо идиш, 2 коло билерик жана шурулар табылган. Изилденген бардык эстеликтер андрон мезгилине таандык деп аныкталган.

К. Табалдиев.