Difference between revisions of "АРПА-ЙАЗЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


''С.Өмүрзаков.''<br>
''С.Өмүрзаков.''<br>
[[Категория:1-Том]]

10:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРПА-ЙАЗЫ– жердин аты, тарыхый топоним. 15-кылымдагы кол жазма эстеликтерде («Зафар-наме», «Матла ас-садайнва маджма ал-бахрайн» ж. б.) Тимурдун Моголстанга жасаган жортуулдарына байланыштуу эске алынат. Тимурдун тарыхын жазган тарыхчылар (Низамаддин Шами, Шараф ад-дин али Йезди, Абд ар-Раззак Самарканди) Арпа-Йазы Ат-Башыга жакын өрөөн, жайлоо экенин, аны Тимурдун аскерлери бир нече жолу басып өткөнүн белгилешкен. Айрым изилдөөчүлөр Арпа-Йазы эки суунун (Арпа менен Йазы) атын билдирет деген корутундуга келишкен. Чынында топоним эки башка сууну эмес, бир эле жерди, аймакты билдирет. Аталган эмгектерде да ушундай. Тимурдун аскерлери азыркы Арпа өрөөнүнөн өтүп, андан Фергана тоосун ашып, Жазы (Йазы, Яссы) суусун бойлоп кеткени ырас. Бирок булардын ар бири өзүнчө аймак, алардын жеке аты бар. Арпа-Йазы азыркы Арпа өрөөнүнө гана таандык. Жери түзөң, жазы (кенен) талаа болгондуктан, бул аймак, берекелүү жайыт – Apna Жазы атальп калган. Номендин жазы эмес йазы түрүндө жазылып калышы, эски чагатай тилинде, жалпы эле карлук-хорезм тобуна кирген тилдерде «ж» ордуна «й» формантынын колдонушуна байланыштуу.

С.Өмүрзаков.