Difference between revisions of "САДЫКОВА Саламат"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Саламат Садыкова)
(Саламат Садыкова)
6 -сап: 6 -сап:

Репертуарында 300дөй чыгармасы бар ырчыны улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов өзгөчө баалаган. Бишкекте 1980-жылдары маданий иш-чаралардын биринде чыгаан калемгер Ч. Айтматов С. Садыкованын аткаруусундагы чыгарманы кайра-кайра суранып ырдаткан жайы бар. Жазуучу кийин дагы ырчы менен жакшы мамиледе болуп, кеп-кеңешин айтып турган.

[[Файл:Ыры.jpg|thumb]]
'''Дүйнө кезген ырчы.''' ТҮРКСОЙ эл аралык сыйлыгынын ээси Россия, Испания, Оман, Украина, Голландия, Нидерланддар, Бельгия, Люксембургда жеке концертин коюп, ондогон мамлекеттеги сынактарга катышкан. Эмгек жолунда анын эки альбому жарык көргөн. Биринчисин Япониядагы Мinоn эл аралык музыкалык коому чыгарса, экинчисин америкалык музыка изилдөөчү Марк Хамфри даярдаган.

15:12, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

САДЫКОВА Саламат (28. 9. 1956, Баткен облусу, Кызыл-Жол айылы) – Кыргыз Республикасынын эл артисти (1995), Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1995). Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004), Кыргызстандагы «Эл эне» координациялык кеңешинин жетекчиси, көптөгөн эл аралык жана республикалык сынактардын лауреаты.

Өзү.jpg

Атасы эки жашында, апасы тогуз жашында каза болуп, балалыгы кыйынчылыктар менен коштолгон. Ош облусунун Кара-Суу районундагы мектеп-интернатында, Оштогу музыкалык мектепте билим алып тогуз жашынан баштап эле обон созо баштаган. 1973-жылдан тарта Баткен райондук маданият үйүндө ырчы болуп эмгек жолун баштаган. Түрдүү сынактарга катышып жүрүп элдин сүймөнчүлүгүнө айланган.

Сахнага арналган 40 жыл. 1988-жылы борбор калаадагы «Тогуз кайрык» республикалык фестивалына катышып, калыстардын жогорку баасына татыйт. Ошентип ал жылы Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын «Камбаркан» ансамблине солист катары чакырылган.

Репертуарында 300дөй чыгармасы бар ырчыны улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов өзгөчө баалаган. Бишкекте 1980-жылдары маданий иш-чаралардын биринде чыгаан калемгер Ч. Айтматов С. Садыкованын аткаруусундагы чыгарманы кайра-кайра суранып ырдаткан жайы бар. Жазуучу кийин дагы ырчы менен жакшы мамиледе болуп, кеп-кеңешин айтып турган.

Ыры.jpg

Дүйнө кезген ырчы. ТҮРКСОЙ эл аралык сыйлыгынын ээси Россия, Испания, Оман, Украина, Голландия, Нидерланддар, Бельгия, Люксембургда жеке концертин коюп, ондогон мамлекеттеги сынактарга катышкан. Эмгек жолунда анын эки альбому жарык көргөн. Биринчисин Япониядагы Мinоn эл аралык музыкалык коому чыгарса, экинчисин америкалык музыка изилдөөчү Марк Хамфри даярдаган.

Анын аткаруусундагы ыр гимн болуп калмак. III даражадагы Манас орденинин ээсинин аткаруусундагы «Туулган жер» аттуу ырды 1990-жылдардын башында Кыргызстандын гимни кылуу демилгеси көтөрүлгөн. Мындай пикир акын, жазуучулар менен кыргыз интеллегенциясы тарабынан айтылган. Бирок түрдүү себептерден улам кийин тынчып калган. Учурда ал филармониядагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык тобунда жетекчи жана ырчы катары кызмат өтөйт.

Наамдары жана сыйлыктары

III даражадагы «Манас» ордени (.30.8.2016) – Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, эрдиги үчүн жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын урматына.

Кыргыз Республикасынын эл артисти (21.08.1995) – кыргыздын улуттук музыкалык искусствосун өнүктүрүүдөгү чоң кызматы үчүн.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (6.3.1992) – кыргыз эл искусствосун, фольклорун өнүктүрүүгө жана байытууга кошкон зор салымы үчүн.

Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1995).

Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (21.11.2004) – концерттик жана аткаруучулук программасы үчүн.

«Манас-1000» юбилейлик алтын медалы (15.11.1995).